Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бир айылда эле орган алмаштырууга муктаж беш жигит бар

Бир айылда эле орган алмаштырууга муктаж беш жигит бар

21-июнь, 12:00
520 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР президенти Садыр Жапаровго

Кайрылуу

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Акыркы жылдары малдан жукчу эхинококкоз, альвеококкоз өңдүү жугуштуу оорулар элди кара тумандай каптады. Бул илдет менен ооруган киши бир эмес, бир нече жолу операция болмою бар экен. Альвеококкоз илдетинен жабыркаган орган жыгачтай катып, керектүү кан тамырлар да жарактан чыгат. Натыйжада, боор алмаштырууга туура келип калат экен. Сарык оорусунун оор түрү боор циррозуна алып келип, мында да орган иштөөдөн чыгып калат. Орган алмыштырууга ири өлчөмдөгү акча кеткенин көрүп жатабыз. Дагы элден айланса болот, кайрымдуулук кылышып, марафондорду өткөрүп, чогултуп берип жатышат. Бирок, муну менен маселе чечилбейт экен. Оорулуунун жашап кетиши күмөн, жашап кеткен күндө деле өмүр бою дары ичкен майыпка айланат. Анын калган өмүрү да кылдын учунда калат.

Кечээ жакында өзүмдүн бир тууган инимдин 15 жашар уулу ушул альвеококкоз оорусу менен жабыркап, боорунан оор операция болду. Бул оорунун коркунучтуулугу көпкө чейин билинбегенинде экен. Эгер балабыз эртерээк УЗИ аппаратынан текшерилгенде, мынчалык кыйналмак эмес. Дагы жакшы, Бишкектеги колу жеңил мыкты хирургдар операция жасап, аман калды... 

Менин айылым (Талас району, Арал айылы) кичинекей эле айыл. Ошол кичине айылдан аш десе ашка, иш десе ишке тойбой турган маалында орган алмаштырууга муктаж бакандай беш жигит төшөктө жатыры. Бешөө тең үйлөнүп-жайлана элек. Бир айылдан бештен чыгып жатса, элдин эртеңи кандай болот? 

 Сиз иштеп жаткан маалда медицина тармагында “жылт” эткен жылыштар болгонсуп келет. Аягына чыгарууга журт үмүт артып турат. Өткөндө айылымдагы 110 жашка чыккан апа менен маектештим. Биз баарлашып отурганда телевизордон сиз сүйлөп калдыңыз. Апа ошондо “маңдайы жарык, Кудай кааласа элге жакшылык алып келет” деп батасын берди. Ал сөздө элдин үнү, ишеничи бар, ошон үчүн азыр жеткирип атам апанын сөзүн.

Орган алмаштырып жаткан балага тыйын-тыпыр таап берүү менен маселе чечилбейт экен. “Кудай оору берсе, шыпаасын кошо берет” дейт. Алдын ала чараларды көрүп, профилактикалык иштерди жасоо – бүгүнкү күндүн талабы. Ошондуктан, көптөгөн апалар менен биргеликте биз сизге төмөнкү сунуштар менен кайрылып отурабыз.

1. Кыргызстандагы ар бир мектепке болбосо да ар бир райондук ооруканаларда УЗИ, ренгтген аппараттарын койдуртуп, лабораторияларды иштетип, иши катуу көзөмөлгө алынса жакшы болот эле.

2. 1-сентябрда ар бир мектеп окуучусунун колунда “УЗИден, рентгенден өттү, баардык анализдерин тапшырды” деген справка болмоюн окууга киргизилбесин деген чечим керек. Ар алты айда медициналык кароодон милдеттүү түрдө өткөрүү зарыл. Себеби, көптөгөн ата-энелер баланын “ичим ооруп жатат, башым ооруп жатат” дегенине кош көңүл карап коюшат. Ал эми ата-энеси алыста иштеп жүргөндөрдүн балдары дээрлик каралбаган себептүү, ушундай жол менен медициналык кароодон өткөрүлүүсү көптөгөн балээнин алдын алат беле...

3. Айылдарда ветеринардык кызматтар иштебейт, мал доктурлар жок. Болсо да алардын колунда керектүү дары-дармек жетишсиз. Союлган малдын канчасы соо, канчасы оорулуу экени белгисиз. Бул жагы да каралууга тийиш.

4. Ошол оорулуу малдын арам өлгөн эттери алдамчылык жол менен колбаса жасалчу цехтерге өткөрүлүп жаткан жокпу? Бул жагы да каралышы керек. Азык-түлүк, тамак-аш саткан жайлар, кафе, ресторандардын тазалыгы катуу көзөмөлдөнүүсү бүгүнкү күндүн талабы болуп турат.

5. Жапайы жаныбарлардын ооруларын, алардын көбөйүп, азайып кеткенин текшерген станциялар союз тарагандан кийин иштебей калганы жалпыга маалым (альвеококкозго окшогон көптөгөн оорулар ошол суур, кашкулак, түлкү, ж.б. жандыктардан жугат). Жок дегенде алардын санын көбөйтпөй кармап туруу сыяктуу иштер орундалса, калктын саламаттыгына түздөн-түз оң таасирин тийгизмек.

6. Элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, “кашкулак, суурдун эттерин жебегиле, малдын ичинен чыккан ыйлаакча, курт болгон ичеги-карынды иттерге салып бербегиле, таштандыга таштабагыла, кайра эле өзүңөргө жугат” деген сыяктуу роликтердин теледен көрсөтүлүүсү аябай зарыл.

7. Дарыгерлердин ишин катуу көзөмөлдөө керек. Кайсы бир райондо, кайсы бир облуста оору көбөйүп кеткени үчүн губернатор, аким, башкы врачтар иштен алынса, алар жок дегенде өз орду үчүн иштешет беле?.. Бул эми айла кеткендеги айтылган кеп.


Апалардын атынан

Динара Бейшеналиева, акын, журналист 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер