Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элчи Гүлнара-Клара Самат мигранттардын жашоосуна кайдыгер

Элчи Гүлнара-Клара Самат мигранттардын жашоосуна кайдыгер

28-август, 10:03
577 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Соңку убакта Россиядагы мигранттарга карата текшерүү күчөп, полиция кармап кетип аткан көрүнүштөр арбыган. Көптөгөн мекендештерибиз мындай кысымга кабылышып, кыйналгандарын соцтармактар аркылуу жар салып келишет. Москвадагы элчи Гүлнара-Клара Самат кыргыз мигранттарынын укуктарына, алардын жашоо шартына кандай өбөлгө түзгөнү, жардам бергени белгисиз. Эмне иш менен алектенип атканына, милдетин аткаруудагы вазыйпаларына ТИМ кызыгып көрдүбү? Жакынкы айларда Гүлнара-Клара Саматтын элчи болгонуна үч жыл толот. Бул аралыкта ага карата эчендеген нааразычылыктар, сын-пикирлер айтылып келди. Бирок “мекенчилмин” деген терини жамынган элчи айым эч кимди тоготпой, керт башынын жыргалчылыгы үчүн жашап жүргөндөй. Ушу убакка чейин “жарк” эткен ишин көрө албадык. Мигранттардын арыз-муңдарын укпай калганы, колунан эч нерсе келбегени кашкайган. Дал ушундай кадрлар мамлекетти артка тартып атканы өкүнүчтүү. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер