Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөмдү Москвага узатып алып, жалгызсырап, ыйлап отурам

Күйөөмдү Москвага узатып алып, жалгызсырап, ыйлап отурам

17-март, 20:11
1 016 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен жыйырма үч жашымда турмушка чыктым. Азыр кош бойлуумун, сегиз ай болду. Чынында күйөөм экөөбүз эл суктанган түйгөйлөрдөнбүз. Ортобузга түрдүү ушак-айыңдарды аралатып, ажыраштырууга аракеттенгендер аябай көп болду. Кудайга шүгүр, бирок ал кыйынчылыктарды жеңип өттүк. Күйөөмдүн ата-энеси, колдой турган жакын адамдары деле жок. Бул жактан жакшы жумуш чыкпай, күйөөм Москвага иштегени аттанып кетти. Эми аны узатып алып, жалгызсырап, ыйлап отурам. “Төрөп, бала торолгондон кийин келесиң. Тосуп алам” деп жакшы тилектер менен кетти. Бирок, ортодон башка кыздар чыга калып, биздин жашообуз бузулбайбы деген санаадамын.

Москвада жакшы иштеп, үй-бүлөсүн биринчи орунга койгон жигиттер барбы? Кеңеш бериңиздерчи?

Айжан

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер