Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жалал-Абадда калемсап капкагын жутуп алган наристе чарчап калды

Жалал-Абадда калемсап капкагын жутуп алган наристе чарчап калды

18-май, 11:33
401 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жалал-Абадда калемсаптын капкагын жутуп алган бир жашар наристе чарчап калганын 18-майда шаардык милиция билдирди. 

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 17-майдын кечинде Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын балдар бөлүмүнөн милицияга маалымат түшкөн. Анда Жалал-Абад шаарынын Спутник кичишаарчасында бир жашар наристе үйүндө калемсаптын капкагын ойноп жатып кокусунан жутуп алганы, аба жетпей, ошол жерде чарчап калганы айтылган.

Шаардык милицияда бул факт кокустук катары катталып, текшерүү башталды. Наристенин атасы арыз жазуудан баш тартты.

Быйыл кышында Ошто да биринчи класстын окуучусу калемсаптын капкагын жутуп алган, аны дарыгерлер сактап кала алышкан эмес.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер