Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Ак никебиз турса, апам “башка күйөөгө берем” деп чыкты
Ак никебиз турса, апам “башка күйөөгө берем” деп чыкты
22-апрель, 21:04
775 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жашым 19да. Россияда бир бала менен нике окутуп, жашап алганбыз. Боюмда да болуп, бирок үч айлык болгондо түшүп калды. Кыйналып жүрдүм, кийин боюма бүтпөдү. Бир нече айдан кийин апам рак менен ооруп, операция да болду. Айла жок Кыргызстанга келдим. Эми үйдөгүлөр мени “башка адамга күйөөгө беребиз” дешти. Бирок апама бүт баарын айтып жүргөн болчумун да, баарын билет эле. Ага карабай “башкага беребиз” деп атышат. Эмне кылсам болот? Кеңеш бериңиздерчи? Жигитим да Кыргызстанда, бирок аны менен жолуга албай жатам. Апам менен атам уруксат бербейт, бирок ал экөөбүздүн никебиз бар да... Эмне кылсак болот?Айгерим
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити