Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Вирустун жаңы толкуну болсо, карантинден кийин кайра карантин башталабы?

Вирустун жаңы толкуну болсо, карантинден кийин кайра карантин башталабы?

27-апрель, 12:34
987 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда жаңы карантиндик чараларды көрүү маселесин талкуулоо азырынча эрте. Бул тууралуу 27-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Эгер карантин алынгандан кийин коронавирус жуккан жаңы толкун пайда болуп, жайыла турган болсо, кыргызстандыктарды кайра карантинге жабабы?” деген суроого Үсөнбаев төмөнкүчө жооп берди:

“Карантин радикалдуу чаралардын бири. Европада да, Кытайдын өзүндө да мындай чара жакшы натыйжасын берди. Адамдардын бири-биринен алыс болушу кырдаалды көзөмөлгө алып, оорунун кеңири жайылышына жол бербөөгө мүмкүнчүлүк түзүүдө. Эгер карантин алынгандан кийин кандайдыр бир жаңы толкун пайда болсо, жапырт жайылса, албетте, карантиндик жана обсервациялык чектөө чараларын көрүүгө туура келет. Бирок бүгүнкү күндөгү эпидемиологиялык кырдаалга караганда жаңы карантин тууралуу айтуу эрте”.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер