Бийликтин беделине шек келтирген Надира Нарматовага баа берилбейби?

Негизи бийликке тескери сөз жабыштырган, коомчулукта орой көзгө урунгандар ачыктала берет тура. “Шибегени капка ката албайсың” дегендей, оркоюп чыгып калары шексиз эмеспи. Ириде тазаланууга барбаса, аягы жакшы бүтпөстүр...
“Ата Журт – Кыргызстан” фракциясынан депутат Надира Нарматова парламентте иштеген тууганы Жоодар Нарматовду тааныбай турганын айтып, танып, журналист Элвира Султанмуратовадан качып кеткени жарыяланды го? Кезектеги талкууга күбө болдук. Айланып келип эле Султанбай Айжигитовдун аялын эске салды. Ага негизсиз айлык алып жүргөнү боюнча кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган. Дал ушундай тууганчылык, кол ийрисине тартуу менен “шыбагага” ээ болуунун жыйынтыгында Надира Нарматованын да тууганы көзгө илинип атса, жоопкерчилиги эмнеге каралган эмес? Эл карап турбайбы!
Айтмакчы, өткөн жумада журналист Болот Темиров жаңжалдуу видео чыгарган. Кафеде Надира Нарматованын баласы аракка тоюп алып, 6 миң сомду төлөбөй жатканы ачыкталса, укук коргоо органдары басып коюштубу? Карапайым адамдын баласы ошентсе, эчак эле “өпкөсүн үзүп”, жазалап коюшмак. Эмнеге мындай теңсиздик күчөп баратат? Бийликтин атын жамынышып, көлөкө түшүрүшүп, каалашынча кутура беришеби? Реалдуу караш керек да...
"Азия Ньюс" гезити