Акыркы кабарлар
» Коом » Ар дайым уйкусу канбаган адам ооруга чалдыга баштайбы?
Ар дайым уйкусу канбаган адам ооруга чалдыга баштайбы?
09-март, 22:56
859 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Түнү менен уктабай, кеч жатканына карабастан, эртең менен эрте туруп окууга же жумушка баруу адамдын ден соолугуна зыян экен. Дарыгерлер уйкусу канбай жүрө берген адамдар кандай ооруга чалдыгышы мүмкүн экенин аныкташты.
Уйкусу канбай, эс албаган адамдын жумушка деген көңүлү тартпай, көрүү жөндөмү начарлайт. Ушуга кошо табити ачылып, ашыкча салмак кошушу да мүмкүн.
Ал эми адам эс алып жаткан кезде организм түрдүү оору белгилери менен өзү күрөшө алат. Аз убакыттык уйкуда организм калыпка келгенге жетише албай калат. Ошондуктан, ар бир чарчаган күн түрдүү ооруларды козгоп, аягы олуттуу нерсеге алып келет дешет дарыгерлер.