Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Максат Сарбагышев, ЖК депутаты: “Чолпон-Ата шаарындагы эски аэропорттун ордуна турак жайлар салынат”

Максат Сарбагышев, ЖК депутаты: “Чолпон-Ата шаарындагы эски аэропорттун ордуна турак жайлар салынат”

24-март, 21:01
252 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Максат мырза, сиз азыр Ысык-Көлдө шайлоочулар менен жолугушуп жүрбөйсүзбү. Жолугушуу учурунда алар кандай маселелерди көтөрүп жатышат?

-- Негизинен мектептерди каржылоо, жолдордун курулушу, саркынды сууларды тазалоо, мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) боюнча суроолор берилүүдө. МИК боюнча айтсам, өзүңүздөр билесиздер, президенттин демилгеси менен Бишкекте иш башталды. Эми региондордо да уланат. Мисалы, биздин Чолпон-Ата шаарындагы эски аэропорттун ордунда МИКтин программасы менен турак жайлар салынат. Канча квартира салынары бөлүнгөн каражаттын көлөмүнө жараша анык болот. Иштетилбей жаткан жер тилкелери боюнча да көп суроолор болду. Жергиликтүү бийликтер: айыл өкмөтү, айылдык кеңеш, кеңештин комиссия мүчөлөрү тийешелүү органдарга кайрылып, бөлүнгөн жерлердин мыйзамдуулугун карап, эгер мыйзамсыз болсо кайра артка кайтарганга мүмкүнчүлүгү бар. Бул жерден эч кандай маселе болбойт. Жеринде иш алпарыш гана керек. Ал эми саркынды сууларды тазалоо боюнча айта турган болсом, Чолпон-Ата шаары, Бостери, Кара-Ой айылдарына тийешелүү иш кагаздарын даярдоо боюнча аракеттер жүрүп атат. Экинчи этап менен Тамчы жана Корумду айылдары да кирет. 

-Сиздер менен кошо бир топ министрликтердин орун басарлары да барышкан турбайбы?

-Ооба. Мен мүмкүнчлүктөн пайдаланып, аларга терең ыраазычылык билдиригим келет. Элдин үнүн, көкүрөктөгү бугун угушту. Эми ошол эл тарабынан көтөрүлгөн маселелердин баары болбосо да кайсы бир бөлүгү чечилип калса, жакшы иш болот деп ойлойм. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер