Акыркы кабарлар
» Коом » Коронавирустан үч адам каза тапты, 88 адам оор абалда
Коронавирустан үч адам каза тапты, 88 адам оор абалда
29-июнь, 14:02
513 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстанда коронавирус жуктуруп, ооруканага жаткырылган 88 адам оор абалда. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, жалпы жонунан COVID-19га кабылган 716 адам ооруканада дарыланууда. Абалы оор делген 88 бейтаптын ичинен 26сы жандандыруу бөлүмүндө жатат. Орточо оор абалында 275, ден соолугу канааттандырарлык деп 353 адам медиктердин көзөмөлүндө. Ал эми 1957 киши үйүндө дарыланып жатат.
Коронавирус илештирген дагы үч бейтап каза болду.
Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 5017ге жетти. Анын ичинен 2294 бейтап айыгып, тилекке каршы, 50 адам ажал тапты.