Света Тойгонбаева, белгилүү көзү ачык, айтымчы: “Биздин айткандарга маани бергиле!”

-- Света айым, менин бир эле гана суроом бар: мамлекеттин алкагында алдыда эмнени байкап, эмнени туюп атасыз?
-- Бийликке жасалган дубалардын күчү иштей баштады. Берекенин кунуна дуба кетти. Акүй-Көкүйдө душмандык кыла турган топтор өз алдынча чогула баштады. Күзүндө эки толкундоо бар. Жетим-Тоо эртеби-кечпи казылат. Ажонун айланасында “ызы-чуу” деген карта түшүп турат. “Кыйынчылык түшөт” деген аян келди. Кымбатчылык болот. Көп нерсенин алдын алыш керек. Эгер бул аянга кайдыгер карап, ата-бабанын жолун жасатпаса, өлкөбүз кырсыктан арыла албайт. Кыргызстандын 41 касиеттүү жерине, мазарларга кан чыгарышы керек. Ошондой эле эл атасы жол түлөө кылсын. 40 апанын тилегин жасасын. Жаратылыш кырсыктары көрүнүп атат. “Көзү ачыктар айта берет” деп кулагынын сыртынан кетирбей, бизге түшкөн аяндарды аткарып, мамлекеттин коопсуздугу үчүн аракет кылышы керек.
Көкүйдү тазалатпаса, бири-бирине каршы жасалган кара дубалардын айынан ал жерге барган башчылардын баары туура эмес иштерге кантип аралашып алганын сезбей калышат да, кызматтан өз абийирлери менен эмес, жаман абалда кетишет. Акүйгө кара адам кирди. Ошол көп жамандык ээрчитет. Биздин айткандарга маани бергиле! Ташиевдин туура да, туура эмес да иштери көп болуп, чыр карталар түштү. Туугандары аралашпашы керек...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити