“Адилеттүү сот Июнь окуясына тийешелүү саясатчыларды жоопко тартышы керек”


“2010-жылдагы Июнь коогалаңы боюнча кылмыш иштери кайрадан көтөрүлүп, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү чекесинен сурак берип жатканы белгилүү. Бул иштин аягы кандай бүтүшү мүмкүн?”

Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу:
-- Июнь коогалаңы – бул 2010-жылдагы Апрель окуясынын уландысы. Канча жылдан бери биз айтып келе жатабыз, ар кандай кызыкчылыктар үчүн бир топ саясатчылар элди алдап, өз мүдөөлөрүн пайдаланып, бийликти басып алып, кийин Июнь окуясында жаңжал чыгарышып, бирок мыйзам астында жооп берише элек. Бизде бир да эркин саясый партия жок. “Парламентаризмди өнүктүрөбүз” деп бүткүл дүйнөнү алдаган бийликти гана көрүп жатабыз. Алар элге, коомго керектүү программаны тартуулап, аны иш жүзүнө ашырышкан жок. Мыйзамсыз жана жакырчылык жашоону алып келишти. Кыргызстанда көз карандысыз сот орной элек. Июнь окуясына тийешелүү саясатчыларды жоопко тартып, адилеттүү сот иштеши керек. Ошондо гана биз өнүгөбүз.

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер:
-- Негизи бул суроону ошол Июнь окуясын териштирген прокурорго бериш керек го? Коомчулукта “Июнь окуясына Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү күнөөлүү” деген жаңылыш кептер негизсиз жайылууда. Бирок, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн коркуп же жалтактай турган эч нерсеси жок экендигин так эле айта алам.

Азиза Абдрасулова, укук коргоочу:
-- Бул жөнүндө дайыма айтып келем. Буга чейинки айткандарым азыр да өзгөрүүсүз калууда. Бул өтө оор, терең маселе. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн чакырып сурап койгондон, чынын айтканда, эч нерсе өзгөрбөйт. Булар жаңы маалымат айтышпайт. Июнь окуясын толук кандуу иликтөө глобалдуу ишти талап кылат. 5000ден ашуун кылмыш иши козголгон. Анын 5%га жакынынын гана бети ачылып, сотко өткөнү менен калганы калып кеткен. Эки миңден ашык үй-жай, соода түйүндөрү өрттөлгөн. Канчалаган машиналар жоголуп, эсеби сансыз үйлөр тонолгон. Үйлөрүнө бекинип алган үй-бүлөнү түп-орду менен өрттөп ийишкен. Мындай фактылар жүздөп саналат. Мунун баарын кантип кайрадан иликтейт? Бул саясый пиар, саясый чечим болушу мүмкүн. Андан башка жаңылык күтө албайм. Июнь окуясы боюнча эки-үч жыл катары мамлекеттик органдар менен тыгыз иштешип, аларга биз жыйнаган толук маалыматтарды берип, кат жазышып турганбыз. Ошол эле учурда мамлекеттик орган эч бир реакция кылбагандан кийин бул иш туңгуюкка такалган. Аягына чыга албайт. Азыр Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн сурап атат. Алар эмнени айтышы мүмкүн? Ошол кездеги райондук ички иштер жана аскер бөлүмдөрүнөн курал-жарактар сыртка чыгып кеткен. “Эмне үчүн буга мамлекеттик органдар тоскоолдук боло алган эмес?” деген суроого жооп издесе болот. Чек арага жакын жайгашкан погранзаставалардан, аскердик бөлүктөрдөн курал-жарактар, БМП, БТРлер алынып кеткен. Ушулардын баары убагында иликтенген эмес, анан азыр иликтене калабы? Айтуу кыйын. Ушундай эки боордош элдин ортосундагы жарака бүтөлүп, кыз алышып, кыз беришип, базары бир, мазары бир болуп турган учурда кандай бүтүмдү каалап атышканы мага түшүнүксүз болуп турат. Андан көрө, мындан кийин ушундай трагедия болуп кетпешинин алдын алышса болмок.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











