Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын төрагасы Разаков жана мүчөлөрү соттолушабы?

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын төрагасы Разаков жана мүчөлөрү соттолушабы?

20-декабрь, 12:14
1 015 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Шибегени капка ката албайсың” дейт. Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу бурмаланганын Клара Сооронкулова, андан кийин Артур Медетбеков айтып чыкты. Башында башка текстке кол койдуруп алышып, андан кийин көз боемочулук жасашканы эмнеси? Бир ууч топ уюша калышып, бүтүндөй элди алдап атышса, эртең көпчүлүк жарылып кетпейби?..

Алгач Клара Сооронкулова комиссия мүчөлөрү кол койгон корутунду менен Жогорку Кеңеште окулган бүтүмдүн айырмасы бар экенин айтып чыккан болчу. Баштапкысында Рыскелди Момбековдун аты аталбаса, Равшан Жээнбековдун экс-президент Алмазбек Атамбаевди жамандабаса, анан каалагандай эле бурмалап, өз билгендерин кыла беришеби? Албетте, азырынча чет-бучкагы гана билинип атат. Мындан ары дагы далай былыктары чыгарына ишенебиз! Жергиликтүү карапайым калктын тагдыры чечилип атканда оюн кылышса, мындайга кайдыгер карабаш керек да, туурабы?

Натыйжада, олуттуу суроолор жаралууда: Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Жеңиш Разаковдун жана мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги эртең каралса (Сооронкуловадан башкасы), оор беренелер менен соттолушабы? Бул топтун кылмышка шектүү аракеттери дыкат текшерилеби? 

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер