Заарасы башына тээп кеткиче Чынара Капарова эрге тийбейби?

КТРК жылдызына айланып, диктор, коомдук ишмердей көрүнгөн Чынара Капарова “Бир Бол” партиясынан парламенттик шайлоого аттанган. Боёнуп-шыбанып, сыпайы сүйлөсө көпчүлүк эрип, жогорку симпатияларын берип жиберишкенге үлгүрүшкөн да. Көрсө, баары адашыптыр... 5-октябрдан кийин КТРКга Чынара Капарова колоктогон эркектердин коштоосунда барып, басып алуу үчүн чатак чыгарганын көрдүк. Ажылдап, эт-бетинен кетип атса, бери жакта туруп жакаңды кармайт экенсиң. Уялып. “Мал аласы сыртында, адам аласы ичинде” дегендей, бул аялдын амбициясы, кызмат дегенде каны ойноп, кычуусу канбай жүргөнүн карачы? Бугу чыкпай калдыбы? Ушунчалык да жанталашабы? Кыскасы, анык жүзүнө, пас деңгээлине баары ынанды. Мындайларды илгертен кызыл камчы зөөкүрлөр ийлеп, шайтандарын чыгаргандай сопу кылышканын билесиңерби? Заарасы башына тээп кеткиче эрге тийбейби? Айла жок, бирок ай ла вю...
Азия Ньюс" гезити