“Кудум сериалдардагы кыздардай артыңыздан түшүп, сүйдүрүп алгым келди”
Жашым улам жогорулап барат. Ушул күздө 27ге толдум. Бул кыз киши үчүн бир топ жашка барып калган курак эмеспи. Менин тоюмду күтүп жүрүп туугандарым да, чачы ак бубак болгон апакем да чарчап бүткөндөй. Кечке тамашалай берген, ар ким менен тааныштыра берген жеңелерим да акыркы күндөрү ал жосундарын коюп, үн катпай калышты. Кыздар үчүн негедир жигиттин сүйүүсүн билдирүүсү, кантип колун сураганы өтө эле маанилүү да. Көп жигиттерди жолуктурдум. Колумду сурап, сезимдерин билдиргендер болду, бирок биринин келбети жакса ички дүйнөсү, адамгерчилиги жакпай, кээ биринин жөн эле колумду сураганы жакпай... кыялымдагы жигитти күтө бердим.
Ошентип жүрүп, айланамдагы көп бойдок жигиттер жакпай, үй-бүлөлүү адамды жактырып калдым. Ал жигиттерден башкача эле...
Иш боюнча тааныш болуп, көп эле кезигиштик. Сүйлөштүк. Жакын да болуп бараттык. “Аялдан амал качып кутулбайт” дегендей, жандалбастап кудум сериалдардагыдай өз сүйүүм үчүн күрөшсөм, балким аны да сүйдүрүп алмакмын. Бирок, ата-энем жакшы тарбия бериптир. Алдыма чоң максаттарды койдум да, чет өлкөнү көздөй аттандым. Азыр сыртымдан баары жакшы көрүнөт. Көп жыл чет өлкөдө билим алган Азат экөөбүздүн жакында үйлөнүү тоюбуз болот. Бирок, сезимимдин тереңинде дале жалгызсырайм. “Сүйүү – тойдон кийин башталат” дегендей, балким Азаттан издеген сүйүүмдү кеч табармын...
Айсулуу АЛЫМБЕКОВА