Алыкул Осмоновдун философиялык лирикасы

(Уландысы. Башы өткөн санда)
Алыкул Осмоновдун өзүнүн философиялык тариздеги ырлары, анын ичинде «Отуз жаш» ыры менен дал ушул соңку 4-концепциянын платформасында тургандыгы айкын көрүнөт. Ушул «Отуз жаш» ырында Алыкул бу жарыкчылыкты, жашоону, тирүүлүктү ушунчалык баалагандыгын, ушунчалык сүйгөндүгүн туйгузуп турат. («Артык экен, кымбат экен жаштык кез, алтын экен, жакут экен баа жетпес»). Октой учуп өтүп бараткан өмүрдү кайра кайрып, «Маңдайынан да бир сүйүп калууга» куштарланат, дегдеп элеп-желеп болот, өмүрдү токтотуп калгысы келет («Токточу өмүр, токточу өмүр, токтой тур»). Бирок «токтоп бербес, токтотууга күч жетпес» деп акын амалы куруп, темир тордун ичинде ары-бери бырпырап учкан куш кейиптенет. «Отуз жашты окуп келатып, окурман бул ыр адам тагдырына ындыны өчө караган кандайдыр бир фаталисттик көз карашка үндөш кейиген жыйынтык менен аяктайт го (?) деп боолголоп жиберет. Бирок акыркы 8-строфада ырдын эмоционалдык-логикалык агымында күтүүсүз бурулуш болуп өттү. Окуйлу:
Токточу өмүр, токточу өмүр, токтой тур!
Көзүң чуңкур, өңүң кансыз, сары-сур.
Тил албассың, жоголо бер, кете бер,
Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур.
Он беш жолу улам кайра туулуп,
Он беш жолу жашарбасам карап тур!
Бул поэтикалык түрмөктө акын (лирикалык каарман) менен тил албас катаал тагдырдын ортосунда кескин конфликт келип чыкты. Акын адамдын каалоо тилегин каакым ордуна көрбөй үстү-үстүнө камчыланып, өлүмдү карай зымыраган тагдырга ачуулана «көзүң чуңкур, өңүң кансыз, сары сур» деп терс мүнөздөмө берип, “жоголо бер, кете бер» деген катуу каяшасын айтты. Бул строфаны тагдырдын үстөмдүгүнө каршы акындын бунту, козголоңу десек жаңылышпайбыз. Андай болсо, бунтардын таянган тоосу, ишенген тиреги, жөлөнөр идеясы, альтернативасы кайсы? «Жоголо бер» деген чечкиндүүлүгү эмнеге негизделип жатат? Биздин оюбузча, бул суроолорго жоопту строфанын соңку үч сабынан табууга болот. Акын ушул соболдорго жоопторун, таянган идея-ишенимдерин, альтернативасын бул жерде, албетте, нуска, насыят, сентенция түрүндө декларациялабайт. Акын өзүнүн концепциясын образга, подтекстке, поэтикалык кодго, өтмө маанидеги эмоционалдык-синтаксисттик курулмага чөгөрүп койгон. Биз ал көркөм кодду туюна, жандыра билишибиз керек. Мына акын «Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур» деп жатат. Алыкул Осмонов жашаган доор адазаттын тарыхында жаңы социалисттик төңкөрүш жасаган, боштондук идеясын жарыялаган, адам бүгүн кул эмес, жазмыштын оюнчугу эмес, ал өз тагдырына өзү кожоюн, ал түзүүчү, жаратман, коммунисттик келечекти жасай турган новатор, жеңүүчү деген романтикалык доор эмес беле. Ушул доордун кулуну Алыкул Осмонов адам баласынын алдында жаңы горизонттордун, жаңы перспективанын ачылганына кубанган, шыктанган, адамзаттын акыры жеңип чыгарына, илим-билимдин күчү менен ааламды багындырарына, адамзат коомунун бакубат келечегине жана өлбөстүгүнө ишенген. Анын «Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур» дегени дал ушундай дүйнө кабылдоодон чыгып жатат. Кеп болуп жаткан строфанын аягындагы «он беш жолу улам кайра туулуп, он беш жолу жашарбасам карап тур» деген өкүмдөнө, кызуулана айткан убада сөзүн да ушул социалдык-философиялык оптимизмдин контекстинде кабыл алганыбыз оң. Бул каймана мааниде айтылган эки сапта жалпы адамзаттын өлбөстүгүнүн фонунда жеке кишинин да өлбөстүгүнүн (личное безсмертие) идеясы жатат. Эмне үчүн адам он беш жолу кайра туула алат, он беш жолу кайра жашара алат? Аталган эки сапка терең үңүлсөк, жогоруда айтылгандай, калктын жүгүн атанча көтөрүп, коомдо нурпенде болуп жашай алсаң, жамаатка сиңирген эмгегиң, ыроологон рухий кенчтериң, көрсөткөн өрнөктөрүң, сабак-нускаларың урпактарга таалим болуп, коомдун эстутумунда сакталып, элдин кербен көчүн коштоп жүрсө, өлүп жатып өлүмдү жеңгениң, он беш жолу улам кайра туулуп, он беш жолу жашарганың ошол деген философия бугуп жатат. Ушундай идеядан чыгып, Алыкул ушул эле «Отуз жаш» ырында «Тирүүлүктө кара өлүмдөн өч алып, калкың үчүн кан чыгарып бер пайда» деп насыйкаттап жатпайбы. Калкың үчүн кан чыгарып берген пайдаң өлүмдөн өч алуунун, өлбөстүккө жол алуунун, тагдырды жеңүүнүн жолу. Адамдын тагдыры анын өзүнүн колунда. «Отуз жаш» ырында өмүрдүн аткан октой тездигине өкүнүп, «Кечээ гана тиги кырда жок эле, кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?» деп таңгалганы менен Алыкул Осмонов андан ары киши өмүрүнүн түбөлүктүү проблемаларынын тереңдерине ой чуркатып, адамдын жазмышка кул болууну каалабаган бунтардык эрк кайраты, өлбөстүккө суусаган жан болумушу, жеңип чыгууга кумарланган мээнети тагдырдан, өлүмдөн күчтүү деген концепцияны бекемдейт. «Отуз жаш» акындын көкүрөк-көөдөнүнөн кандай эркин, табигый атып чыкса, мындай концепция да аталган ырдын образдын тулкусунан табигый түрдө сызылып чыгат.
Өмүр, өлүм, тагдыр, өлбөстүк маселелерине Алыкул Осмонов башка ырларында да көп кайрылат. Анткени, бир жагынан ал айыкпас дартка чалдыгып, узак ооруп, өмүрү кылдын кырында тургандыктан бул маселелер дайыма анын тынчын алган. «Эмесе, бу дүйнөгө туулуу менен кайрадан ар адамдын өлмөйү бар» деп толгонот акын «Табият жана музыка» деген ырында. Жашоонун кыскалыгына мейли десе да, бирок ошол туулуу менен өлүүнүн ортосундагы өмүрдүн заматта «кашка суудай мөлт дей түшкөнүнө» башы катып, акын «тирүүлүк» аттуу ырында бир ирмемдик жашоодо «кант жедимби, бал жедимби билбеймин» деп көп маанилүү кыязда ойлонуп турат». «Көбүктөнгөн күлүк аттай аркырап» деген ырында «Кош бол, кош бол уурдалган жылдарым, аз ырдалып унутулган ырлардай» деп армандуу дабышын чыгарат. Алыкул акын жарыкчылыкка жалгыз октой бир гана жолу берилип, ансыз да ачып көздү жумгуча өтүп кетчү өмүрдү текке коротууну, наатка кетирүүнү, уурдатууну трагедия катары эсептеп, мындай тагдырды өзүнө ыраа көрбөй турат. «Томсоруп кол куушуруп өтүп кетсем, заманга анда менин кайсы кунум» деп тынчсызданат «Мага күлбө» аттуу ырында. Андыктан акын өмүрдүн ар бир ирмемин кымбат мүлк катары санап, аны «доорубузга каухар чачып калууга, заманага жыпар төгүп калууга» («Замандашка» ырынан) жумшоону жашоонун алтындай баркынын ченеми, өрнөгү катары санайт. Доорго, заманага, Ата журтка чачылган «Каухар» – арналган адал эмгек, ак мээнет, жарандык эрдик – өлбөстүккө карай кеткен жол. Элим-журтум деп соккон жүрөк жашоонун кундуулугунун көрсөткүчү. «Зуулап учкан улуу заман милдетин калкым үчүн каным менен төлөшөм» («Ичке суу» ырынан). Адамдын эки өмүрү бар. Биричиси өз өмүрү, экинчиси көзү өткөндөн кийинки экинчи өмүр. Алыкул өлүмдү, тагдырды жеңүү үчүн, экинчи өмүрдөгү өлбөс сапары үчүн айыкпас кесел менен кармашып, атпай кыргыз журтунун руханий мүдөөлөрү үчүн башын канжыгага байлап, жанга дары, жүрөккө даба, нукура поэзияны жаратуу үчүн күн-түн күрөшүп жашаган.
Унутпа кечээкиңди, эртеңиңди,
Ажалды көк сүбөөгө тепкениңди.
Заманга бир гана ирет жаралсаң да,
Миң жылга из калтырып кеткениңди. («Унутпа» ырынан). Акындын концепциясы боюнча, дүйнөгө миң жылдык өчпөс из калтыруу – ажалды, өлүм жазмышын жеңип чыгуунун айныгыс шарты. Ырларында акындын айткан монологдорун тыңшасак, Алыкул Осмонов коомго миң жылдык из калтырганына ишенген сыяктуу. Ал «Курбума кат» аттуу поэтикалык чыгармасында тереңге сүңгүйт.
А.Осмонов мезгил картайтпас, мезгил менен кошо кадам шилтеген өчпөс поэзияны жарата алдым деп өзүн ишенимдүү сезгени анын «Өзүмдү өзүм», «Сенин поэмаң», «Оорулуу акын», «Сүйөм сени», «Табият жана музыка» сыяктуу ырларындагы сыр ачууларынан ачык байкалып турат. Маселен, «Сүйөм сени» ырында Алыкул «Бул дүйнөдө сүйгөнүм бар жапжалгыз» деп, анын поэзия экенин кыйытып, ошол сүйгөнүнөн жаралган «Өлбөй турган жакшы ырлар» жаралганын кабарлайт. Буга удаа ал ырлардын «Күчү кетип талыкшыган күндөрдө, эр азамат иче турган мүрөк суу» экендигин маалымдайт. «Бүгүнкү менден алган поэмаңды, эскиртпей эртеңкиге сунуш кылгын» («Сенин поэмаң») деп поэмасынын эртеңки күнгө да керек экендигине ишенсе, «Оорулуу акын» ырында «Бирок өчпөс жазган ырлар төрт сабак» дейт. Өзүн өзү мүнөздөгөн «Өзүмдү өзүм» аттуу айтылуу поэтикалык монологунда акын «Мен өзүмдү өлгөн кезде карасам, күлүмсүрөп керилген бир шер жатат» деп Ата журттун алдында карызын актаган азаматтын элесин көз алдыга тартат. Буларга кошумча дагы айталы акын жанагы «Табият жана музыка» деген ырында:
Кубанам туулуп өскөн заманыма,
Барабар бир сагаты бир кылымга!
Урабас менин дагы кирпичим бар,
Көз жеткис анын чымыр катарында! - деп сыймыктануу сезими менен жазып жатат. Чынында эле Алыкул Осмонов замандын, Ата журттун асманга бой созгон асылбаа имаратына поэзиядан турган урагыс кышын коюп, бу дүйнөгө өзүнүн миң жылдык изин түшүрүп калууга үлгүргөн. Бул эрдик эмей эмне?
«Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да, кайра кайтып жолугушчу жолдор бар», деп акын бекер жазган эмес. Алыкулдун мындай ишеними орто кылымдагы Токтогул ырынын:
«Өлтүрсөң өнөрүм бар,
Өлбөөчү өнөрүм бар,
Ырларым оттой жанар» деген даанышмандыгы менен үндөшүп турат.
Алыкул Осмонов өзүнүн философиялык ырларында бу жарыкчылыкта, алды кубаныч, арты өкүнүч дүйнөдө маңыздуу жашоонун, тагдырды, өлүмдү жеңүүнүн жана өлбөс болуунун концепциясын тартуулаган. Бирок бул жерде баса айта турган бир нерсе бар. Коомдун түбөлүктүүлүк үчүн курулуп жаткан имаратына өзүңдүн жеке кышыңды кынап коюп, өлбөс болуу үчүн биринчи иретте өзүң ошого жөндөмдүү болуп, өзүңдү өзүң өркүндөтүп, өзүңдү өзүң кайра жаратышың керек. Дүйнөгө из катырып жасаган эрдигиң – бул тышкы күчтөрдүн үстүнөн болгон гана жеңиш эмес, ошону менен бирге өзүңдүн өксүктөрүңдүн баёо дүйнө кабылдооңдун, түркөйлүгүңдүн, ичиңдеги догмаларга карата кулчулугуңдун үстүнөн болгон да жеңиш болуп саналат. Философиялык ырларынан ушундай логика чыгып турат. Мисалы, «Көзүм өткүр» деген ырын окуп көрөлү:
Көзүм өткүр
Көзүм өткүр, өрттү өчүрө караган,
Өз жанымдын жамандыгын көрө алам.
Колум ачык журтка маалым марттыгым,
Бир чыны уудан,
Бир чака бал бөлө алам.
Қөңүлүм жарык: музда көктөп өнө алам,
Өз жанымдын арамдыгын көрө алам.
Пейилим таза, чаккын десем чага албайт,
Жылан кызын колдон кармап өбө алам.
Сырдаш болсоң ачык сөзгө келе алам,
Мен өзүмдүн тардыгымды жеңе алам,
Керек болсо, чебердигим жетишет,
Дөңгөчкө жан, балыкка тил бере алам.
Бул ырды Алыкулдун өзү жөнүндөгү монологу десек да болот. Же болбосо, эрдик жасоого жөндөмдүү адам кандай болуш керек деген философия катары да кабыл алсак болот. Адегенде айта турган нерсе, эгерде адабияттын эң башкы касиети, өзгөчөлүгү – образдуулук болсо, анда адабият деп Алыкул Осмоновдун ушул «Көзүм өткүр» ырын айтыш керек. Караңызчы, акын ырын башынан аягына чейин өтмө маанидеги образдуу туюнтмаларга чулгап, айтайын деген ойлорун көркөмдүктүн ченеми менен эң сонун ырдап салган. Мындай тулкусу чылк образга оронгон ыр чанда кездешет. Мобу ырында «Керек болсо чебердигим жетишет» деп акындын айтып турганы бекеринен эмес экен. Ырдагы лирикалык каармандын образын карайлы. Ырдан эң оболу, ар тараптан өнүккөн инсандын элеси даана көрүнүп турат. Мындай деңгээлге ал инсан биринчи иретте өзүнө өзү сын көз менен карап, өзүнүн жамандыгы, арамдыгы тардыгы менен күрөшүп, өзүн өзү тарбиялап, өзүн ичтен кайра кура билген билгилиги, ийкемдүүлүгү аркылуу жетишкен экен. «Көңүлүм жарык... музда көктөп өнө алам кайра» деген сап да чоң маанини камтыйт. Бул образдуу каймана саптан тагдырдын басынтууларына моюн бербеген, тескерисинче, кыйынчылыктарда курчуп, өжөрлөнүп мээнет менен ийгилик жарата билген, өзүнө өзү ишенип, алды жакка ак жаркын маанай менен караган адамдын кебетесин баамдайбыз. «Бир чыны уудан бир чака бал бөлө алам» деген акындын метафорасынан ашкере акниет, жамандыкты жакшылыкка айланта билген, айланасына бал чача, нур чача билген айкөл гуманисттик сапат ишараланып турат. Ал эми лирикалык каармандын жылан кызын өпкөнү адамдагы сылык, дипломатиялык кылдат мамилени, ийненин көзүнөн өтүп, кишилердин тилин таба билген жөндөмдүүлүктү символдоштурат. Ал эми «дөңгөчкө жан, балыкка тил бере алам» деген поэтикалык образдуу кеп кесипкөй адистин өз ишин ийне-жибине чейин билген жогорку профессионализмин каңкуулап турат. Акындын монологунан иллюзия пардаларын сыйрып таштап, дүйнөгө реалисттик көрөгөчтүк менен караган өткүр көздү да көрүп турабыз. Кыскасы, бир сөз менен жыйынтыктап айтканда, Алыкул Осмонов «Көзүм өткүр» аттуу ырында тарыхка өчпөс из калтырып, тагдырды, өлүмдү жеңип, экинчи өлбөс өмүрдү камсыз кылууга зарыл болуучу адамдык сапаттардын белгилүү бир моделин тартуулаган. «Көзүм өткүр» ырынын мазмуну акындын мурдагы ырларында туюндурулган жеңе билүүнүн философиясын толуктайт.
Акырында Алыкул Осмоновдун чыгармачылык индивидуалдуулугунун дагы бир өзөктүү өзгөчөлүгүн белгилебей коюу мүмкүн эмес. Ал өзгөчөлүк акындын гуманизми, чыгармаларынын гуманисттик маңызы. Анын ырларынан жандүйнөнүн марттыгын, адамга карата болгон терең сүйүүнү, урматтоону көрүп турабыз. Айрыкча анын Ала-Тоону жердеген калайык-калкка болгон сүйүүсү ашып-ташып турат. «Тилек» деген ырында элине эбедейи эзилип, «Баардыгы эне, баардыгы ини, баары ага, баары секет, баардыгы алтын садага» деп акын агынан жарылып төгүлөт. «Табият жана музыка» ырында «Себеби мен өлгөндө ордум басат, менден соо, менден жакшы акылдуулар» деп акын кийинки тукумдардын келечегине, кыргыз көчүнүн прогрессине бекем ынанат. Ал адамдын эмгектин жана илимдин күчү менен келечекте болбогонду болтурарына, жетпегенге жетерине, аалам сырларынын ачылбаган кулпуларын ачып, Максим Горький айткандай, «Космостун королу» болуп каларына, болочокто кой үстүнө торгой жумурткалаган «бейиш заманды» курарына ишенет. Бул жагынан Алыкул Осмонов адамзат басып өткөн алиги ренессанс, кайра жаралуу, романтизм доорлорунун өкүлүнө да окшоп кетет. Ырасында эле, Алыкул Осмонов жашаган ХХ кылым заманы кыргыз ренессансынын башталган заманы эмес беле.
А.Осмонов адамдын күчүнө болгон ишенимин айрыкча азыр эле кеп болгон «Көзүм өткүр» ырында өзгөчө көркөмдүк күч менен демонстрациялаган. Акын адамдын аманчылыгы, өнүгүшү, болочогу үчүн керек болсо, жанын курман чалууга да даяр турган. Мектептерде жадыбалдай жатталып айтылып, көркөм окулуп келе жаткан, атактуу «Адамзат» ырынан «үч мончокту» алып окуй өтөлү:
Мүрөктүн суусу жөн суулардай шылдырлап,
Агып жатса мал кечпес жашыл аралда.
Көк арчадай өңдөн азбас болсун деп,
Өзүм ичпей, ичирер элем адамга.
Замзамдын суусу кайнар суудай шарактап,
Ташып жатса куш жете албас ыраакта.
Эти калың пилдей күчтүү болсун деп,
Бүт агымын бурар элем адамга.
Ак шайы көйнөк, күмүш кемер сыяктуу,
Адамдын жаны сатылып турса базарда.
Дагы жыргап, дагы жашап көрсүн деп,
Өзүм албай берер элем адамга.
Адамга болгон кандай укмуш сүйүү, кандай айкөлдүк! «Адамзат» ыры Алыкул Осмоновдун гуманисттик поэзиясынын бийик чокуларынан экендиги талашсыз. Бул жерде эч кандай риторика, куру декларация жок. Эгерде А.Осмоновдун «Кудайга миң мертебе калп айтсам да, ырыма бир мертебе калп айта албайм» дегенин эстесек, анда «Адамзаттын» саптарынын акындын жүрөгүнөн ыргып чыккандыгына шек кыла албайбыз. Алыкулдун адамга болгон ыкласы, ниети «бир кеченин жаап кеткен карындай» аппак болгон. А.Осмоновдун философиялык лирикасы өзүнүн ак жаркын гуманизми менен орчундуу жана сүйкүмдүү. Биз бул жерде айрым мүнөздүү мисалдарга гана токтолуп өттүк. А чындыгында, жогоруда Байдылда Сарногоев таасын белгилегендей, Алыкул Осмоновдун көпчүлүк ырлары, поэмалары өзүнүн философиялык ой толгоолору менен бөтөчөлөнүп турат.
Советбек Байгазиев
"Азия Ньюс" гезити