Эркин Абдыразаков: "Ички сооданы сомго өткөрүү зарыл"

“Эксперт-Эффект” ЖЧКсынын директору менен маек.
-- Доллардын курсунун төмөндөшү, анын себептери тууралуу айтып берсеңиз?
-- Доллардын курсунун азыраак да болсо төмөндөшү – акыркы кездеги экономикалык саясаттагы бир топ өзгөрүүлөргө байланыштуу. Башкача айтканда, өкмөттүн экономикалык кризиске карата программасы иштей баштады. Мындан сырткары, Россияда, Казакстанда жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясат да доллардын курсунун ылдыйлашына салым кошту. Ал жактан келүүчү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын көтөрүлүп кетишине каршы орус өкмөтүнүн жыйыны Путиндин катышуусу менен болду. Бул өлкөлөр менен биздин экономикалык байланыш өтө тыгыз болгондуктан, андагы абал бизге да таасир этет. Азыр дүйнөлүк экономикада активдешүү өтө күчтүү эмес. Ошон үчүн долларга болгон суроо-талап да солгундай түштү.
Биздин Улуттук банк дагы өз жоопкерчилигин сезе баштагандай. Алар интервенциядан тышкары, реалдуу курсту койгонго аракет кыла башташты. Ал эми реалдуу курс дайыма экспорттун көлөмүнө жараша болушу керек.
Шайлоого байланыштуу үгүт иштеринин күчөшү да курстун төмөндөшүнө кандайдыр бир деңгээлде салым кошот. Бирок, бул убактылуу нерсе. Февраль-март айларына чейин “экономикалык тынчтануу” болсо, андан ары реэкспорттогу активдүүлүк жанданат. Анда курс бир аз жогорулашы мүмкүн. Бирок, мурунку жеткен чегинен ашып кетет дегенден алысмын.
-- Курсту бир абалда кармоого мүмкүнбү?
-- Доллардын курсун бир калыпта кармоо бизде өтө кыйын. Бирок, экономикалык мыйзамдарга салса, бул маселени чечсе болот. Бизде долларды көбүнесе жасалма түрдө көтөрүп ийишет. Эл ичинде экономикалык сабатсыздыкты жоюу зарыл. Өлкө ичиндеги сатып алуунун баарын долларга байлап салышкан. Бул таптакыр туура эмес. Мында Улуттук банк менен фискалдык органдар катуу иштеши керек. Ички сооданы өзүбүздүн валютага өткөрүү өтө зарыл. Ошондой эле социалдык эмес, өнүгүү бюджетин жүргүзгөндө стабилдүүлүк орнойт.
"Азия Ньюс" гезити