Бермет Наралиева: “Аялзаты билимдүү, таланттуу болсо, өзүнүн баалуулуктарын элге арнашы зарыл”

Азыркы учурда турмушка, үй-бүлөгө өтө жеңил көз караштагы жаштарыбыз көбөйдү. Канча очок бузулууда, көбү чыдамдуулук менен үй-бүлөлүк зомбулукту жонуна көтөрүп келүүдө. Сиздердин сурооңуздарга психолог, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун психология кафедрасынын доценти Бермет Наралиева жооп берет.
-- Жыл өткөн сайын үй-бүлөлүк баалуулук жоголуп, ажырашуулардын саны арбыды. Баардык күнөөнү аялзатынан издегендер да көп. Кыздарыбыз турмушка даяр эмеспи, жигиттер жоопкерчиликсизби, кандай пикирдесиз?
-- Турмушка чыккандан кийин эле аялзаты өзүн жоготуп койбош керек. Кыздар турмушка чыкканга чейин психологиялык даярдыктан өтсө, бул жагынан сабатсыздыгы жоюлса, үй-бүлө курууга даярдык болуп, мындай маселелерге көп кабылбайт беле? Күйөөгө кандай мамиле кылуу керек? Өзүн татыктуу алып жүрүп, адам катары жашоодогу өз позициясын билгенде, мындай маселелерге кабылбайт. Бир аз илимдин тили менен айтканда, адамдын “күн сайын кантип адам болуу керек?” деген суроого “инсандын актуалдуулугу” деген термин менен жооп берсек болот. Үч багыт камсыздалса, ошол адам татыктуу болот. Биринчиден, өзүн өзү баалай билүү керек. Экинчиден, өздөрүн көрсөтө билүү жана үчүнчүдөн, өздөрүн өнүктүрүү керек.
Күйөөсүн жакшы көрсүн. Ошону менен катар өзүн дагы баалап, жакшы жагын көрсөтө билүү өтө маанилүү. Ата-бабалар бекеринен “Өзүн сыйлабаган өзгөнү сыйлап жарытпайт” деген накыл сөзүн айткан эместир. Ушул шартта эркек башка бирөөгө көңүлүн бурбайт. Мейли билим алууда, үй оокатта болсун, бир маселени чечүүдө, бала тарбиялоодобу, аял өзүнүн ичинде күч-кубаты, кайраты, дарамети бар экенин көрсөтө билиши абзел. Кыз турмушка чыккандан тартып эле болгон максаттарынан, мүмкүнчүлүктөрүнөн четтей баштайт. Беш жыл окуган дипломдуу билими бар кыздардын көпчүлүгү карьерасынан баш тартат. Өздөрүнүн баардык максат-пландарын экинчи орунга коюп коюшат. Бул туура эмес. Аялзаты билимдүү, таланттуу болсо, табиятындагы баалуулуктарын элге арнашы зарыл. Колунан көптөгөн мүмкүнчүлүктөр келсе, ошончолук кыймыл аракеттин баары анын тегерегинде айланат. Балдары, жолдошу, коом үчүн баалуу болуп, көңүл борборуна көтөрүлөт.
Аялдарга бул жашоодо өтө көп сыноолорду берген. Көп критерийлерге жооп бериши керек. Аларга коюлган талаптар өтө жооптуу, маанилүү болот. Бекеринен “Бул дүйнөнүн түркүгү аялзатынан турат” деген сөз айтылган эмес. Жарыкчылык аялзатынын кечиримдүүлүгүнөн, сабырдуулугунан турат. Жашоодо өйдө-төмөн нерселерди кечирип, анын баарына сабырдуулук, чыдамдуулук менен карасаң, акылың тетик болсо, өзүңдү бааласаң, өзүңдү тынбай өнүктүрсөң, анда турмуштун ачкычы жеке колуңда. Ошону менен катар жигиттерди да турмушка олуттуу, жоопкерчиликтүү кароого чакырар элем.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити