Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жеңиш Молдокматов: “Түпкүлүгүнөн “Замандаш” партиясы центристтик көз карашты карманат”

Жеңиш Молдокматов: “Түпкүлүгүнөн “Замандаш” партиясы центристтик көз карашты карманат”

04-сентябрь, 00:43
1 018 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдакматов менен пандемия баштала электе бир жолугуп, ой калчап, алдыда боло турган парламенттик шайлоо боюнча кеп кураган элек. Бир аз күн мурун кайрадан жолуктук. Албетте, ошол эле шайлоо тууралуу сөз болду.


-- Жеңиш мырза, айтсаңыз, сиздердин партиянын саясый көз карашы, багыты тууралуу кепти улайлы, оңчулбу, солчулбу?

-- “Замандаш” бүгүнкү күндө бийликчил эмес. “Замандаш” бүгүн оппозициянын туура эмес багыттарын колдобойт, туура жагын колдойбуз. Партияга төрага болуп келгенден бери өзүнүн ой-пикирин ким болбосун бийлик тарапка ачык айтып келген. Бул боюнча өз учурунда басым, кысым болгон. Тайманбастан “Замандаш” эл тарапта. Ошон үчүн абалтан бери элдик партия катары аталат. Саясый багытын сурап калдыңыз, билесиз да, дүйнөдө “оңчулдар”, “солчулдар” жана “центристтер” деп үчкө бөлүнөт. Бүгүнкү ааламдашуу учурунда көп мамлекеттерде өзгөрүүлөр болуп атпайбы. Ушундан улам үч саясый багыт аралашып кетти. Ошол эле биздеги шайлоого аттанган саясый партиянын бирөөсүн “социалисттер” деп карасак, ал жерде консерваторлор жүрөт. “Либералдар” деп атайын десең, ал жакта социалисттер жүрөт. Дүйнөлүк баалуулуктар өзгөргөнгө байланыштуу “Замандашта” баардык компоненттер каралган. Түпкүрүнөн “Замандаш” центристтик көз караштабыз. 

-- Өкмөткө болгон көз карашыңызды билели дедик эле?

-- Өкмөттүн түзүлүшү бизде өтө туура эмес калыптанган. 25 министрлик бар. Бул өтө көп. Нью-Йоркту алалы, 15 милион калкы бар. Ушу чоң шаарды болгону 32 жетекчи башкарат. Ал эми 6 миллиондон ашыгыраак калкы бар Кыргызстанды 30 миңден ашык чиновник башкара албай келет. Ошондуктан түп-тамырынан бери бул жаатты өзгөртүү керек.      

-- Коомчулук “парламенттик эмес эле президенттик башкаруу болуп, президент жоопкерчилигин алса болмок” дешүүдө...

-- Парламентаризм деген эмне экенин жалпы элге түшүндүрүү иши жүрүшү зарыл. Мунун эки миң жылдык тарыхы бар. Эң алгач Римде жаралган. Сенат пайда болгон. Кийин Европа мамлекеттерине кирген. БУУда катталган 197 мамлекеттин ичинен 57 мамлекетинде парламенттик башкаруу бар. Мен эмне үчүн ушул тараптамын? Анткени, өнүккөн жана өнүгүп аткан мамлекеттерде парламентаризм орногон. Калган мамлекетте президенттик башкаруу. Биздин тарыхый менталитетке жана үрп-адат, каада-салтыбызга кайрыла турган болсок, коомдук башкаруу менен мамлекет түзүлүп келген. Курултай, аксакалдар кеңеши болгон. Аксакалдар соту жөн жерден чыккан эмес да. Парламентаризмдин мурунку президенттик башкаруудан болгону эки гана айырмасын айтып берейин. Ошол эле мамлекеттин байлыгы болгон жерлер кетип атканда президенттин кабинетинен чечилчү. Ал эми парламенттик башкарууда баардыгы парламентте ачык айтылып, коомдук талкуусу менен чыгып кетип атат. Экинчиси, мамлекеттик бюджетти бекитүүдө, мамлекеттик стратегиялык чечимдерди кабыл алууда баардыгы президенттин кабинетинде чечилчү. Ал эми бүгүн жаманбы- жакшыбы, парламентте бул маселе козголуп, элге айтылып турат. ЖМКга байланыштуу, аны чектөө боюнча мыйзамдар, билишимче, бир эмес эки-үч жолу аракет болду. Эмнеге өтпөй калды? Президенттик башкаруу болсо, анын  айланасында каралып, бычылмак.

-- Өткөндө айыл чарба министрлигинде “жашыл экономика” боюнча кеп болду эле. ТОП-100 деген эмне?

-- Кыргызстандын айдоо аянтынын көлөмү 900 миң гектар болсо, Казакстанда 34 миллион гектар. Ал эми Россияда 116 миллион гектар. Биз, башкача айтканда, айыл чарба продукциясы, анын көлөмү менен атаандаштык түзө албайбыз, болгону сапаты менен түзсөк болот. Эгер биз “жашыл экономиканы” ордуна келтирип ала турган болсок, анда бир канча компоненттерден утушка жетебиз. Айрым мамлекеттер бар, “жашыл экономиканы” ордуна коюп койгон. Экологиялык таза айыл чарба продукцияларын чыгаруу менен дүйнөгө таанылган. Биз бул багытта жакшы демилге көтөрүп чыкканбыз, ТОП-100 деп коёт. Мисалы, балды алалы. Дүйнөдө үч жолу 1-орунду ээледи. Арабияда биздин бал 12 эсе кымбат баада сатылат. Ушул сыяктуу Кыргызстандын эң мыкты 100 өнүмүн бир каталогго киргизип, өкмөткө сунуш кылууну ойлогонбуз. Өкмөт колдогон жок, парламент түшүнбөдү. Эгер биздин партия парламентке келип калса, муну сөзсүз түрдө ишке ашырсак эмнеге болбосун? 

-- Соңку суроом болсун: спорттун кайсы түрү менен машыгасыз, же ырдайсызбы, комуз чертесизби?

-- Мунуңузга жеңил эле жооп берейин, уруксат болсо. Бала кезден спортко жакынмын. Ушу кезге чейин спорт менен айрылгыс досмун десем да болот. Мектепте окуп жүргөн кезде классташ балдар жапырт бокс ийримине катышкан элек. Машыктырган агайыбыз ар бир ай сайын мелдеш уюштуруп, андагы жеңүүчүлөрдүн районго, андан облуска чейин барган күндөр көп эле болду. Боксту таштай элекмин. Залга жумасына бир-эки жолу барып турам. “Ырдайсызбы?” дедиңиз, маанай жакшы учурда ырдап коём, тели-теңтуш арасында. Бир жолдош балам “Жеңиш, оу, үнүң лирикалык тенор турбайбы” деп калат... 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер