Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айзада Кыдырмаева, дизайнер: “Адамдын жашоосуна түстөрдүн, кийген кийимдеринин да таасири чоң”

Айзада Кыдырмаева, дизайнер: “Адамдын жашоосуна түстөрдүн, кийген кийимдеринин да таасири чоң”

15-март, 23:03
1 120 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Табият берген сулуулукка төп келе турган кийим-кечелерди ар бир аялзатына тартуулап, “Кыдырмаева” ательесин түптөп, иш алып барып жаткан Айзада КЫДЫРМАЕВА менен маек курдук. 

-- Айзада, кичине кезиңден эле кийим тигүүгө кызыкчу белең? Дизайнерлик кесип жолуң кандайча башталды?

-- Бул кесипти аркалаганыма он беш жылдын жүзү болуп калды. Кичинекей кезимден шык ойгонбосо да, студенттик куракта бул кесипке кызыгуум ойгонду. Көпчүлүк учурда бош убактымды кийим тигүүгө арнап жүрүп, кийин толугу менен бул кесипти аркалап кеттим. Буга чейин өзүмдүн ательемди ача электе Кыргызстандагы белгилүү дизайнерлердин колунда эмгектендим. Өзүмдү толук кандуу кесипкөй инсан катары көрүп баштаган соң, жеке ательемди ачууга бел байладым. Учурда өз ательемде эмгектенип, чакан мода үйүмдө жетекчилик кылам. 

-- Кандай түстөргө көбүрөөк кайрыласың?

-- Көпчүлүк учурда ачык түстөргө кызыгам. Көйнөктөр ошол түстөргө ылайыкталат. Андан сырткары, ак, кара, жашыл, кызыл, көк, сары, күлгүн ж.б. түстөрдөгү көйнөктөрдү коллекциямдан көрө аласыздар. 

-- Учурда кыз-келиндерди кандай үлгүдөгү (фасон) көйнөктөр кызыктырат?

-- Азыркы кыз-келиндер француз узундугундагы көйнөктөргө абдан кызыгышат. Көпчүлүгү узун, кече көйнөктөрү болсо да жабык болушун талап кылышат. Буга чейин кыска, ачык түстөгү кече көйнөктөрүнө буюртма беришсе, учурда тескерисинче, узунураак, өтө ачык түстөгү эмес көйнөктөр басымдуулук кылат.

-- “Түстөр адамдын ички дүйнөсүн билгизет” дегенге кандай карайсың?

-- Адамдын жашоосуна түстөрдүн да таасири тийет. Чоң ролду ойнойт. Адам канчалык ачык түстөрдөгү кийимдерге басым жасаса, ар дайым жакшы маанайда жүргөн адамдардын катарын толуктайт. Күңүрт түстөргө маани бергендер тартынчаак келишет. Көпчүлүк кардарларым менен жаңы көйнөк тууралуу талкуулап жатып, ушундай маалыматка ээ болом. 

-- Кыргыз кыз-келиндер кандай кийинсе көркү ачылат?

-- Кыргыз кыз-келиндерге дүйнөлүк бренддеги баардык кийимдер жарашат. Көркүн ачат. Азыркы тапта кыз-келиндер өзүнө кам көрүүнү жакшы өздөштүргөндүктөн, кандай кийинсе жараша берет. Көпчүлүк учурда өз келбеттерине, салмактарына жараша туура үлгүдөгү кийимдерди кийишет. Көчөдөн деле жарашыктуу, өз табитинде кийинген айымдар арбыды.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер