Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саадат Асылбекова “Дүйнөнүн топ модели” сынагына катышат

Саадат Асылбекова “Дүйнөнүн топ модели” сынагына катышат

19-январь, 18:13
1 085 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Supermodel Kyrgyzstan – 2021” наамынын ээси, 21 жаштагы Саадат Асылбекова “Дүйнөнүн топ модели” сынагына Кыргызстандын атынан катышары белгилүү болду. Бул тууралуу “Мисс Кыргызстан” сулуулар сынагынын улуттук дирекциясынан кабарлашты.

Маалым болгондой, “Top Model of the World” конкурсу 27-февралдан тарта 14-мартка чейин Египеттин Хургада аттуу шаарында өтөт. Катышуучулар 11-мартка белгиленген сынактын финалдык баскычына дейре бир топ иш-чараларга катышып, сүрөткө түшүшөт жана видего тартылышат.

 Конкурстун алкагында Саадат кыргыз элинин XIX кылымга таандык болгон улуттук кийимдерин кийип чыгып, көрүүчүлөргө тартуулайт. Мындан сырткары, кечки көйнөк жана аялдардын сууда сүзүүгө ылайыкталган ич кийимдерин кийип чыгат. Белгилей кетсек, “Top Model of the World” конкурсу 1993-жылы негизделген жана модель кыздар арасындагы эл аралык сынактардын эң беделдүүсү болуп эсептелет. 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер