Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов: “Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?” дегендей, Канат Исаевдин чекесине жазып койсо...”

Сабыр Муканбетов: “Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?” дегендей, Канат Исаевдин чекесине жазып койсо...”

22-июль, 09:00
903 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алло, Сабыке салам! 

-- Алеки Суке. Ой Суке, кубанып кеттим ай, эригип жатканда... Ушу силер кыйынсыңар эй, ысыкка карабай иштеп, элге кызмат кылып. Ысыкта быкшып жатканда ойготуп, элге аралаштырасыңар, “Азия Ньюс” гезити болбосо пенсионермин деп жата берип эбак унутулуп деле кетмекмин. Рахмат эй, Сурат досум. Ии, не балээ болуп кетиптир дагы?

-- Путин, Эрдоган, Раиси Тегеранда, Орто Азия президенттери көлгө жыйылып атат, оппозиция Таласта бука жеп, күлү көккө сапырылганы атса, жатасың да... Ошондон кеп саласыңбы?

-- Азыр дүйнө болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөргө бара жатат. СССР ыдырагандан кийин дүйнөгө дээрлик кожоюндук кылып, өз билгенин жасап, басчусун басып алып, тартчусун тартып алып, түрдүү шылтоо менен каалаган мамлекеттердин ташталканын чыгарып көнүп алган АКШнын бир полярдуу системасынын күнү бүтүп баратат. 

Дүйнөдө биринчи экономикага айланып бара жаткан Кытайдын, ресурстарга бай, аскердик жактан катуу күчтөнүп бара жаткан Россиянын таасиринен чочулаган бирдиктүү Батыш орусту эртерээк ооздуктап, өнүгүүсүн басаңдатпаса, кийин такыр кеч болуп, көзгө илбей кетерин, адамзаттын денесиндеги мите курттай жыргал жашоолору кыйындап каларын сезишип, экономикалык санкцияларын жамгырдай жаадырып, Украинаны тукурууларын күчөтүп, аймагына аскердик инфраструктураларын кура баштады. 

Россия өткөн жылдын декабрь айында коопсуздук боюнча келишимге келүүнү сунуштап, Украинага Донбассты аткылоосун токтотуп, чыгышына жыйган 150 миңге жакын аскерин артка алып кетүүнү, НАТОну 1997-жылкы чегине кайтып кетүүсүн талап кылды. Болушпады, угушпады. Чыдамы кетип, башка аргасы калбаган Владимир Путин аскердик атайын операциясын баштаганына беш айдын жүзү болду. Оруска каршы салган он миңге чукул санкциялары, Украинага бөлгөн акчалары, берген куралдары Батыш ойлогондой эффект берип, орустун экономикасы кыйрап, тизе бүгүп калган жок. ВСУ менен нацбаттарды талкалап, Украинанын чыгышын бошотууда. Батыш санкциялары өз баштарына тийип, инфляция өсүп, баалар асмандап, Батыш лидерлери четинен отставкага кете баштады. 

АКШ башында турган бир полярдуу дүйнө быт-чыт болгону айгинеленгенден кийин дүйнө элдери да башкача ойлонуп, таасирдүү, эң негизгиси адилеттүү, чындыкты карманган күч борборлоруна тартылууда. 

Иран, Индонезия, Түркия, Нигерия, Аргентина ж.б. өлкөлөр БРИКСке мүчө болууга кайрылышты. Адамзаттын үчтөн экиси бул уюмга кошулуп, эл аралык жаңы валюта кабылдаганы турса, “весь цивилизованный мир” делген бирдиктүү Батыш 700 млн. адамдан ашпаса, анан кантип Россияны дүйнөдөн толук изоляция кылып, экономикасын кыйратып, Байден айтмакчы, “муунтуп” өлтүрө алат? 

“Жылкысына ченеп ышкырбай”, көнгөн адатынча адыраңдаган АКШнын бир полярдуу дүйнөсүнүн күнү бүтүп, дүйнөдө жаңы эреже, көп полярдуу дүйнө орноору белгилүү болуп калды. 

Ушундай жагдайда, НАТОнун мүчөсү болгонуна карабай, эгемендигин сактай алган Түркия 40 жыл Батыштын санкциясы астында жашаса да бой берип тизе бүкпөгөн, толук кандуу суверендүүлүгү бар Иран, НАТО, ЕС менен чайкашып аткан Россия лидерлеринин Тегеранда саммити болуп жатат. Батыш жактырбай “деспоттордун жолугушуусу” деп атаганы менен, кандай деген күндө да бул дүйнөнү түп-тамырынан өзгөрүүлөргө алып келе турган жолугушуу экенинде шек жок. 

Ушундай дүйнө кайра форматталып жаткан кырдалда, биздин Орто Азия чөлкөмүндөгү республикалардын президенттеринин Ысык-Көлдө чогулуп жатышын да элибиз жакшы жышаан, алгы саамалык катары кабылдоодо. 

Оору, согуш, терроризм, экстремизм күч алган, экология жабыркап, ресурс тартыш болуп, дүйнөнү ачарчылык каптап, алдуусу алсызын басынтып, колундагысын тартып алып жаткан теңсиз замандын чакырыктарына чакан, алсыз мамлекеттердин жалгыз туруштук берүүсү өтө кыйын. Мүмкүн эмес десек да болот. Андыктан, чөлкөмдөгү боордош элдер кол кармашып, биргеликте аракет кылуусу – замандын талабы. Жаңы эч нерсе ойлоп таап да кереги жок. Өмүр бою аралаш жашап келе жаткан кечээки эстен чыга элек тарыхыбыз жетиштүү. “Чыгыш Түркстан” деген дүйнөгө таанымал, унутула элек жалпы атыбыз турат. 

“Бөлүнгөндү бөрү жейт” болгонду көрбөдүкпү. Дагы эмне керек? Карагылачы, казак чегиндеги фуралардын тыгынын? Жер-жемишин соодалай албай, элибиздин таман акы, маңдай тери талаага кетүүдө. Карашсын президенттер ошону. Карапайым элди, соода-сатыкты кыйнабай, ЕСтин тажрыйбасын алып, биригип, ички чек араларды ачып, бирдиктүү акча, бирдиктүү аскер курушубуз керек. Коңшулар менен ынтымак, достукту арттырып, Россия менен Кытайга каршы кайрагандарды тыйып, Евразия континентиндеги коопсуздукту камсыздоого салым кошуп, региондун бейпил өнүгүшүнө шарт түзүүбүз керек. Мен биздин президенттердин Чолпон-Атадагы саммитинен ушуну күтөм. 

-- А-аа, бир дем менен кеттиң. Оппозиция, Талас, бука, Канат Исаев, “күлдү көккө сапырмай” калып калды... Бир ооз айта кетпейсиңби?

-- Оппозиция десе эле тап душмандай кабыл алып, жок кылуу аракеттерин көрүү туура эмес. Оппозиция болбосо өнүкпөйбүз. Оппозиция жок болсо, бийлик кутуруп кетет. Азыр болгон “ит-куштун” баарын тукуруп, оппозициянын абийирин айрандай төгүп, жер менен жексен кылуу аракети башталгандай. Бул туура эмес. Катачылык – акылсыздыктын белгиси. Муну өнөкөткө айландырбай оңдоо керек.

“Автомат менен Акүйдү коргойм” дегендер кайда? Оппозицияны антип жок кылып, “күлүн көккө сапырып” ийе албайсың. Күлүн көккө сапырыш үчүн биринчи өрттөш керек. Эл карап турат. Өрттөтпөйт. Отун жарып даярдана баштаганда эле “аа кокуй, булар болбой калды” деп эл оппозицияга ооп, көңтөрүп таштайт.

Оппозицияны албетте карап, байкоо салып, жакшы сөзү болсо кабылдап, чектен чыгып баратса чара көрүп, адилеттүү сөз айтып туруу абзел. Кыскасы, алар менен байланышты күчөтүп, тынымсыз иштешүү керек. Алар четтен келген жоо эмес, мыйзам чегинде бийлик талашып атышкан өзүбүздүн эле жарандарыбыз. Арасында ар түрдүүлөр, мурда кызматта болуп жыдыгандар да бар. Эң негизгиси, алардын ошондой аракеттерге барууга укугу бар. Аларга кошулгандын кимиси болсо да лидер десек болот. 

Канатбек Исаевди лидер катары айтышты. Партия түптөп, шайлоодо жеңип, фракция, коалиция лидери, коогалаң учурунда парламент спикери кызматын аркалаган. Мер, губернатор болгон, тажрыйба жетиштүү десек болот. “Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?” дегендей, Канаттын чекесине жазып койсо... Эми аны бир Кудай билет. Кечээ эле Садыр Жапаров түрмөдө отурганда, аны президент болорун Ташиевден башка ким ойлоптур?.. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер