Төрөбай Колубаев, саясатчы: “Биздин башчыларыбыз оңолбой койду”
-- Төрөбай мырза, “кемпирабадчы” саясатчыларды прокурор 20 жылга кесүүнү сураптыр. Бирок ишти жакшы билгендер “күнөөлөрү далилденбесе деле 20 жыл сурай береби?” деп таңгалып жатышат. Сиз да камалып, ырайымсыз кордукту баштан өткөргөн адамсыз. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?
-- Тилекке каршы, биздин башчыларыбыз оңолбой койду. Акаев кан төкпөй кетти, Бакиев хандык орнотту. Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков, анан азыркы бийлик келди. Мен деги ушуларды түшүнбөйм, качып да, камалып да көрүштү. Тартпаган азаптын баарын тартышты. Жок дегенде бийлик колго тийгенде элдин нааразычылыгын жараткан сотторду, чектен ашкан прокурорлорду жазалап, тизгинин тартып коюшса болмок. Күч органдарын реформа кылгандын ордуна “мындай прокурорлор, соттор, чекисттер, милициялар бизге керек экен” деп аларды кубатташат. Кана, кимиси кыйратып иштеп атат? Укук коргоо органдары жан кашайткандан башка эмне кылышты? Өкүнүчтүүсү, элдин кыжырын кайнатышып, отко тымызын май чачып келишет. Элди бийликке тукургусу келген сот, прокурорлордун кадырын көтөрүп, мамлекеттик сыйлыктарды берип жатабыз го? Ушул кантип болсун?!
-- Өзүңүз да камалып чыгып, булардын жайын жакшы билесиз да...
-- Туура, биз да отуруп чыктык. “Кемпирабадчыларга” прокурор 20 жыл сураса, Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов жана мага 47-70 жыл сурап, 14 жылга кесишкен. Таңгалганым, “бөрк ал десе баш алган” Биринчи Май районунун соту Термечиковго окшогондорду жазаламак турсун, кайра ага “Эмгек сиңирген” деген наам беришти. УКМКнын башчысы, президент мындай наадан сотторго сыйлык бермек турсун, чыгарган чечимдерин текшерип, туура эмес иштери үчүн кызматтан алып койсо, элдин да ызасы басылып, бийликке ишеним жаралат эле.
“Карапайым калктын колдоосун алабыз” дешсе, Камчыбек Кыдыршаевич менен президент Садыр Жапаров чындап сот, прокуратура жана күч органдарына реформа кылсынчы? Мен ошону талап кылат элем.
-- Эл ичинде жакырчылыктын сазына баткандар абдан көп. Кантип кендирди кескен жокчулуктан кутулуп, эмне кылсак каатчылыктан чыгабыз?
-- Жакырчылыктан чыгыш үчүн өлкө башчысы, министрлер кабинетинин төрагасы жана министрлер жеңди түрө иштешип, сырттан инвесторлорду тартышы керек. Биздин ички-тышкы саясаттагы будуң-чаңдардан улам, көптөр эмне болуп кетерин ойлошуп, сынап карап турушат. Кыскасы, жанагы тамсилдегидей болуп, чаян, ак куу, чортон балыктай бири-бирибизди аңдыган абалда турабыз. Ошон үчүн кадр тандоодо жаңылбай, татыктуулар менен кызматташып, Кыргызстанды көтөрүп кетсе болмок. Тилекке каршы, бизде андай эмес. Өз билгендерин кылып жатышат.
-- Деги эле Кыргызстанды өнүктүрүп, көтөрүп кетсе болобу же баары “кожо көрсүн” үчүн жасалып жатабы?
-- Кыргызстанды көтөрүп кетсе болот. Садыр Нургожоевич да аракет кылып жатат. Туура, 32 жылдан бери сазга батып калган мамлекетти өнүктүрүү, өстүрүү көп эмгекти, убакытты талап кылат.
-- Инвестор тартууга аракеттерди байкайсызбы?..
-- Анчалык деле кызматташпагандай. Мен өзүм да инвестор тарткым келет. Бирок, тийешелүү адамдар жолукпайт. Долбоорлоруңду четке кагып салышат. Ачык айтып, сындасаң камашат. Унчукпай жатсаң, каның кайнагандай абалды жаратышат. Кыскасы, азыр ушундай жагдайды баштан кечирүүдөбүз.