Акыркы кабарлар
» Коом » Министр кантип блогерге айланды? Ыдырыстын чеберчилиги жөнүндө учкай сөз
Министр кантип блогерге айланды? Ыдырыстын чеберчилиги жөнүндө учкай сөз
21-сентябрь, 20:10


Айыл чарба министрлигине Эрлис Акунбеков келгени чуулган басылбай, талаш-тартыш менен күн өтүп келет. Каран күн түштүбү? Тармакта абал оор. Журналист Ыдырыс Исаков министрдин жүзүн ачып, атайын эфир даярдап, токтогулдук келиндин ишкерликтен банкрот болгонун, ага системанын залакасы кандай тийгенин баяндап берди го, көрдүңөрбү? Бул бир гана багыттагы мисал. Тереңдеп айыбы чукулса, Эрлис Акунбековдун абалы дагы начарласа керек. Бирок ал кеп жебей блогерге айланып, өзүнүн министр экенин унутуп коюп, сөз кууп, жеке пиар менен шугулданып, жеңил мүнөзүн көрсөткөндөн тажабады. Аны “желпинтип” салган Ыдырыстын чеберчилигине чек жок, азамат! Айтмакчы, бу киши өкмөттүн орун басары дагы экен. Ушундайлар топтошуп алганынан өнүкпөй жатабызбы?











