Кубанычбек Самаков, ЖК депутаты: “Адегенде автобустарды уюштуруп, анан базарды жылдыруу зарыл”

-- Кубанычбек мырза, Бишкек мэриясы Ош базары менен батыш автобекетин шаардын сыртына көчүрүү демилгесин көтөрүп жатат. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
-- Ош базары да, батыш автобекети дагы Ленин районунда жайгашкандыгына байланыштуу мен бул демилгени абдан туура көрөм. Ош базарынын имаратын биринчи ачылган калыбында калтырып (анын да өзүнүн маданий баалуулугу бар да), өзүн көчүрүү керек. Автобекеттердин шаар сыртына чыкканы да туура. Анткени, батыш автобекети – бул эл аралык каттамдар ишке ашырылчу жер. Анын шаардын сыртында болгону жол тыгынын жоюуга жакшы шарт түзөт. Анан калса, биз шаардын көрктүүлүгүнө да кам көрүшүбүз керек да. “Базар бизге жакын, же автобекет мага ыңгайлуу” деп эле өз кызыкчылыгыбызды ойлой берсек, туура эмес болуп калат. Ошон үчүн мен көчүрүүнү колдойм.
-- Темир жол бекетин да көчүрүш керекпи?
-- Ага азырынча эрте го. Анткени, темир жол аркылуу анчалык көп каттам жок. Андай болгон соң көп деле тыгынды пайда кылбайт.
-- Көчүргөнгө жараша анда шаар тургундары кыйналбасы үчүн транспорт жагын да жакшы уюштуруу керек го?
-- Бул биринчи транспорт маселесин чечип алып, анан шаардын сыртына чыгаруу демилгеси. Өзүңүздөр билесиздер, шаардык каттамга 500дөн ашуун автобустар келип, кошумча каттамдар ачылып жатат. Биринчи базарды, автобекетти жылдырып коюп, анан автобус жүргүзбөстөн, адегенде автобустарды уюштуруп, анан жылдыруу зарыл.