Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бара-бара депутаттарды сөз кылууга да арзыбай калабы?

Бара-бара депутаттарды сөз кылууга да арзыбай калабы?

20-май, 20:22
465 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаттыгына көчөдөн келип деле отуруп алса боло береби? Акыркы кезде ушундай көрүнүштөр болууда. Өмүр баяны бир баракка сыйбагандар, төбөсү көрүнбөгөндөр мандат алышууда. Мамлекеттик кызматта же бизнесте ийгилик жараткандар эл өкүлү катары көтөрүлүшсө ынанасың да. А бизде тескерисинче, ириде акчасы, анан таасирдүү таанышы керек. Тереңинен алганда, айрым лөктөрдөн кыйыр түрдө колдоо алуу ыкмасы күчөдүбү?..

Жакында түштүк аймагынан үч депутат “шайланып” келди. Ош округунан Бекмурза Эргешов, Кара-Суу районунан Илимбек Кубанычбеков, Баткенден Бактыяр Калпаев. Артында үлгүлүү иштери жок булар эмнени кыйратышмак эле? Баягы эле курулай амбициянын айынан колдогон кожолору акырын сүрөп коюшса, анан “топ” эте парламентке түшүп калыштыбы? Айтор, депутат болуунун баркы кетти. Өтө майдаланды. Бара-бара сөз кылууга да арзыбай калабы?

Эсиңерде болсо, Аскар Акаевдин заманында Бишкекте, Алайда, Таласта, Сузакта же Ат-Башыда болобу, кайсы гана аймакты албайлы, бир мандаттуу округдан чыккан талапкерди бүтүндөй кыргыз эли таанычу. Жогорку Кеңешке мамлекеттик кызматтардан, коомдук уюмдардан, бизнестен, журналистикадан ж.б. тармактардан кыйындары чыгышып, элдин колдоосу менен келишчү. Мындайча айтканда, кесибине жараша саясый тажрыйбага эгедер талапкерлер тандалчу. Азырчы? Кедеринен кетти да. Ашып барса он чакты билимдүү, тажрыйбалуу депутаттар болушу мүмкүн. Бирок алар да чындыкты айта алышпай, мукурап калышканы жалганбы? “Кулдук сезим” менен кургуйдан чыга алабызбы? Шор... 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер