Алга Кылычов, серепчи: “Адвокаттардын сынагын татаалдатпай, кыскартпай эле коюшса болмок”
-- Алга мырза, адвокаттык лицензия алуу үчүн сынактан 109 адам кулап, 17си гана өтүптүр. Эми адвокаттардын саны кыскарып, сапаты жогорулайбы?
-- Адвокаттык лицензия алуу үчүн юстиция министрлиги тарабынан сынактын суроолорунун жалпы санын 800дөн 2610го чейин көтөрүшкөн. Бул тактика, албетте, адвокаттардын санын кыскартат. Негизи мындай нерсе жакшы көрүнүш эмес. Анткени, канчалык адвокаттар көп болсо, ошончолук адам укуктары биздин өлкөдө жакшы сакталат. Айтайын дегеним, адвокаттардын саны арбын болгону эл, мамлекет үчүн пайда. Себеби, конкуренция болуп, иштери аркылуу өздөрү эле иргелип, баалары жалпы элге жеткиликтүү болмок.
Адвокаттардын мындай жол менен кыскаруусу монополияга айланып, адам укуктарынын сакталышына терс таасир берип, бийликке көз каранды болуп, жалпы эл адвокаттарды пайдалануу укугуна ээ боло албай, түздөн-түз көз каранды болуп калат. Ошон үчүн адвокаттардын сынагын татаалдатпай, кыскартпай эле коюшса болмок.
-- Алардын катуу сынактан өткөнү соттогу коррупциянын азайышына шарт түзөбү? Эми ортомчу болуп, сотторго акча ташыган адвокаттар ишсиз калышабы?
-- Адвокаттардын сынактан өткөнү сот системасындагы коррупцияга эч кандай тийешеси жок. Коррупциялык элементтер көбүрөөк сот тараптан жана укук коргоо органдарында болуп жатпайбы... Мындай сынакты, тескерисинче, сот, прокуратура жана күч органдарына да өткөрүү керек болуп калды. Албетте, кээ бир адвокаттар коррупциялык ишке аралашкан болсо да, алар жөн гана ортомчу катары колдонулушу мүмкүн.
-- Буга чейин сотторго акча ташыган адвокаттар лицензиясынан ажырай турганы айтылды эле. Мүмкүн ошол нерсе ишке ашып жаткандыр?
-- “Сот системасындагы коррупцияны адвокаттар аркылуу тазалоо” деген күлкүнү келтирет. Адам укугун колдогон жападан жалгыз рычаг адвокаттар. Аларды эмес, адегенде сотторду тазалашсын. Эгер сотторго акча ташыгандар болсо, жалпы адвокаттарга тийишпей эле ошол кылмыш кылгандардын бетин ачып жазалап, лицензиясын ала беришсин да. Ким кой деп жатат?..
"Азия Ньюс" гезити