“Чоң куурчак” катары Улукбек Мариповду министрлердин тоготушпаганы кандай?
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду кол алдындагы чиновниктер анчейин тоготпогону байкалып келет. Себеби, негизги чечимди президент кабыл аларын баары билишет. Таасирдүү жетекчилер Марипов менен формалдуу таризде сүйлөшүп, баш ийимиш этишкени менен ич ара жогорку сыйдын жоктугу эмнеден кабар берет? Анын күчтүү фигура боло албаганы – тармактардагы көйгөйлөрдү чечүүдө профессионалдуулугу жетишпегени үчүнбү? Же адамдык сапаты аксап, ички өзөгүнүн жумшактыгыбы? Айтор, Улукбек мырзаны “чоң куурчак” катары сыпатташып, министрлер анчейин сезгенбей атышканкандай. Мындай көрүнүш мамлекетти артка тартпайбы? Балким, шартка жараша министрлер кабинетинин төрагасынын аткара турган миссиясы бүтүп калдыбы? Бул суроолордун түйүнүн чечүүгө мезгил келди окшойт.
"Азия Ньюс" гезити