Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шаар чарчап, уктап жатат шалдырап...

Шаар чарчап, уктап жатат шалдырап...

30-июнь, 16:51
1 397 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дарт катуу күчөгөндүктөн белгилүү акындар бул күндөр тууралуу ыр жаза башташты. Төмөндөгү ырды белгилүү акын Майрамбек Токторов жазган.


Ооруган шаар

Шаар чарчап, уктап жатат шалдырап,

Укта шаарым, уйкуң бузбай турайын.

Дене табың көтөрүлгөн кечээ эле,

Абалыңды “тез жардамдан” сурайын.

Жөтөлүң бар, өңүң купкуу көрүнөт,

Ага болбой муздак жамгыр төгүлөт.

Чыйрыгыпсың, дары издейсиң буйткадан,

Бутуң муздак. Жыт билбейсиң бөжүрөп.

Шапар тепкен, чарк айланган күн кана?

Томсоруптур топук кылбас тойкана!

Шарактаган бириң жоксуң мындайда,

Шаар ыйлап шапаюуда тим гана.

Сакай шаарым, дартың узак болбосун,

Сени Кудай жамандардан коргосун.

Дартка ишенбес пендең сени оорутту,

Сени ооруткан “дардаңбайлар” оңбосун!

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер