Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нефтетрейдерлер бензиндин баасы боюнча жакынкы күндөргө прогноз берди

Нефтетрейдерлер бензиндин баасы боюнча жакынкы күндөргө прогноз берди

15-сентябрь, 21:46
1 371 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маалыматка караганда, 14-сентябрь күнү айрым май куюучу жайларда күйүүчү майдын бардык түрлөрү 50 тыйынга арзандады. Жакынкы арада бензин менен дизель майы кымбаттабайт. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдирди.

Белгилей кетсек, жарым жыл ичинде күйүүчү майдын баасы 50-70 пайызга көтөрүлдү. Россия менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык макулдашуусуна ылайык, 2021-жылы пошлинасыз 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизель майы, 100 миң тонна авиакеросин, 50 миң тонна нефть берилиши керек. 1-сентябрга карата 62 миң тонна бензин, 145 миң тонна дизель майынын запасы калды.

Маалыматка караганда, 14-сентябрь күнү айрым май куюучу жайларда күйүүчү майдын бардык түрлөрү 50 тыйынга арзандатылды.

Нефтетрейдерлерде калкты үзгүлтүксүз камсыздап туруу үчүн күйүүчү майдын запасы 60 күндөн ашык убакытка жетет. Бул бааны көтөрбөй, бир калыпта кармап турууга мүмкүндүк берет деп айтылат билдирүүдө.

Нефтетрейдерлер күйүүчү май ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө кымбаттап жатканын кошумчалады.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер