Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ата Мекен”, Бир Бол” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары алсырап турат

“Ата Мекен”, Бир Бол” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары алсырап турат

06-август, 15:09
941 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурдагы бийликке каршы аттанган партиялардын акыбалдары оор эле. Биз айрымдарына токтоло кетели. 

Ансыз да “Ата Мекенге” ар тарабынан соккулар күчөп атканда, күтүүсүздөн Темир Сариевдин чыгып кетиши күдүк ойлорду жаратты. Асыресе, сокку катары урулду. Каражат жагынан да кысталышып турганда, алдыңкы лөктөрү катардан кетип атса, бул көңүл жылытчу жөрөлгө эмес.

“Бир Бол” партиясында Марат Бакиевдин кызы иштеп атканы да коомчулукта талкуу жаратты. Интернет айдыңындагы чуудан эле Алтынбек Сулаймановго каршы күчтөр көп экенинен кабар алдык. Алдыдагы атаандашуу талаасында айыгышкан күрөштөр болору шексиз.

Адатынча “Бүтүн Кыргызстан” партиясы тарапташтары менен бийликке каршылык көрсөтүп, аткарылбас талаптарды коюп келишүүдө. Адахан Мадумаровдун айланасында кимдер болору али белгисиз. “Жалгыз дарак токой болбойт” дегендей, эгерде белдүү жандоочтор жөлөбөсө, анда марага жетүү өтө кыйын.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер