Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Миллиондор, жаздагы митингдер... Равшан Жээнбеков ушул үчүн камалдыбы?

Миллиондор, жаздагы митингдер... Равшан Жээнбеков ушул үчүн камалдыбы?

05-январь, 19:10
798 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кой-Таш окуясынын алкагында саясатчы Равшан Жээнбековго “Бийликти күч менен басып алуу”, “Массалык башаламандык уюштуруу”, “Барымтага алуу” айыптары тагылып, №1 СИЗОго киргизилген. Ал саясый куугунтуктун негизинде камалганын, сот ачык өтсө жеңишке жете турганын айтып, о.э. коомчулукту биригүүгө, бийлик менен коркпой күрөшүүгө чакырган болчу.

Айрым “узун кулактардын” билдиргенине караганда, демократ Равшан Жээнбеков сырткы күчтөрдөн миллиондорду чечип атканы, жазга карай кызуу даярдыктын үстүндө иштөөгө киришкени ырас беле? Ошонун алкагында бийликке нааразы күчтөрдүн башын бириктирүүгө, ири митингдерди өткөзүүгө ашыкканы да айтылууда. Анын камалышына Кой-Таш окуясы жөн эле себепчи болгонбу? Негизги көрсөткүчү келечекке карай саясый кадамдары, оппозициялык ишмердиги болсо, анда чечилбеген түйүндөр, соболдор арбын экен. Кызык, Равшан Жээнбековдун камалышы менен сырттан келчү акча буулуп калабы? “Өрдөк жокто чулдук бий” дегендей, башка деле бейөкмөтчүлөр бул жаатта иштеп аткандыр... “Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз” дейт эмеспи...

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер