Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медер Алиев: “Мыйзам боюнча азыр деле парламент абдан күчтүү”

Медер Алиев: “Мыйзам боюнча азыр деле парламент абдан күчтүү”

30-июль, 15:18
1 904 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сиз президенттик башкаруу системасынын жактоочусу катары анын биздин коомдо иштеп кетишине канчалык деңгээлде ишене аласыз?

-- Негизи жаман башкаруу системасы болбойт. Кеп аны жүзөгө ашырган адамдардан көз каранды. Менимче, президенттик дагы, парламенттик дагы башкаруу системасынын өзүнүн артыкчылыктары менен кемчиликтери бар. Болгону, коом кайсы бир доордо жашап жаткандыгына байланыштуу, ошол мамлекеттин, коомдун аң-сезимине, үрп-адатына, каада-салтына байланыштуу бир система дал келет. Бирок, коомго дайыма эле ошол тандалган система туура келе бербейт. Анткени коом дагы өсүп-өнүгүп турат эмеспи. Ал эми президенттик система иштеп кетерине ишеничим бар. Ал эми 100 пайыз кандай болорун убакыт жана Кудай Таалам тастыктайт. 

-- “Парламенттин укугу чектелип, бийлик бир колго өтүп калды дегендерге кандай карайсыз?

-- Президенттик системаны биз мыйзам түрүндө жаңы калыптандырдык. Парламенттик системанын бизге туура келбегенин көрдүк да. 2010-жылдан тарта мамлекетте парламенттик башкаруу системасы иштеди. Бирок, парламент мамлекетти башкармак тургай, өзүн-өзү башкара алган жок. Партиялар жетиле албады. Ал эми азыркы башкаруу системасына ылайык, парламенттин укугу чектелип калды дегендерге кошулбайм. Бул мамлекеттик түзүлүштөн, юридикалык илимден түшүнүгү жоктордун айткан сөзү. Мыйзам боюнча азыр деле парламент абдан күчтүү. Мисалы, парламент чек араларды аныктайт.  Демаркация, денонсация кылат. Сот системасын, сотторду тандоо кеңешинин түзүлүшүнө көзөмөл жүргүзөт. Өкмөткө бюджетти бекитип берет ж.б. көптөгөн ыйгарым укуктары бар. Аныгында, алар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын колдоно алабы же жокпу, ал башка сөз.

Президенттик башкаруу менен Садыр Жапаров мамлекеттеги бийликти толук колуна албайт. Ал болгону өкмөттү түптөп, жалпы жоопкерчиликти мойнуна алат.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер