Сүйүктүү болбой калсаң, жашоо өзүнчө азап экен...
Мен жактырган адамдан муздактык пайда болду. Абал өтө оор. Ата-энемден эрте ажырап, таежемдин колунан мен ага башка өлкөдөн көчүп келгем. Бул жерде тааныштар же курбуларым жок. Анын үй-бүлөсү менин бүт чөйрөм эле. Биз шаар четинде эки кабат үйдө, бакубат үй-бүлөдө жашачубуз. Бир жолу ал мен үчүн батир ижарага алгандыгын, биз өзүнчө жашообуз керектигин айтты. Төрт айдан бери өзүнчө жашап жатабыз.
Ал ар жекшемби сайын гана келет, бирок мамилеси муздак. Мен бул батирде жапжалгызмын. Кайын журтум баары биригип мени ушинтип бөлүп коюшту. Чарбакты карай албаганым, үй жумуштарын жөндөй албаганым себеп экенин айтып жемелеп кетти. “Баарына ыраазымын. Батириңе да тойдум. Мага келбей эле кой!” деп айткым келет. Бирок оозум барбайт. Мен ага жөн эле көз каранды болуп калганымды түшүндүм. Мени жактырбай турганын билип туруп сагынып күтө берем...
Бирок, эртеби-кечпи бул мамиле бүтөт. Сүйүктүү болбой жашоо өзүнчө азап экен... Эгерде силерди өмүрлүк жолдошуңар сүйүп турса, кубанып жашагыла демекчимин.
Алина
"Азия Ньюс" гезити