Акыркы кабарлар
» Саясат » Генерал Суваналиевдин жылдызы оппозициядан жанабы?
Генерал Суваналиевдин жылдызы оппозициядан жанабы?
22-май, 09:45

Бийлик курамында жападан жалгыз абийирдүү, чынчыл, профессионал бир кадр бар. Коопсуздук кеңешинин орун басары, генерал Өмүрбек Суваналиев. Күч органдарындагы сабатсыз, коррупцияга шектүү жетекчилердин арааны жүрүп турганда, бир жагынан “алайлыктардын тобу” кутура баштаганда, биз сыйлаган агабызга ор казышат экен. Бирок, булар алсыз! “Комиссар Каттани” болсо, Акаев заманынан бери жогорку жетекчилик кызматтарда ийгилик жаратып, оппозицияда калганда көч баштап, кайраттуу лидер катары өзүн калыптандырган. Аз күндө генерал Суваналиев радикалдуу оппозицияга аттанып, Адахан Мадумаров, Темир Сариев болушуп туу көтөрүшөбү? Көрө жаталык. “Алтынды дат баспайт” дегендей, жарык шоола бирде бүлбүл жанса, эртең жаркырайт...
"Азия Ньюс" гезити