Акыркы кабарлар
» Коом » Саясат, көртирлик менен алыша бербей, керемет музыка да тыңдаңыздар
Саясат, көртирлик менен алыша бербей, керемет музыка да тыңдаңыздар
06-июнь, 13:12

Ирландиялык скрипкачы Фионнуала жана норвегиялык композитор, пианист Рольф Ловланд түзүшкөн “Секрет Гарден” дуэти бар. Дүйнөгө таанымал дуэт. Алар көптөгөн конкурс, фестивалдардын жеңүүчүлөрү, сыйлыктардын ээлери болушкан. Музыкалары сыйкырдуу. Уккан сайын уккуң келет. Музыканын сыйкырына, жандүйнөңдү ушунчалык эс алдырганына таңгаласың. Дүйнө жүзүнө, Жер планетасына миллиондоп көчүрүлүп таралган бул дуэттин музыкаларын уккан дагы, укпаган дагы арманда. Өзгөчө “Аппассионата” романсы жана “Сирендер качан гүлдөшөт”, “Скрипка” композициялары жандүйнөнүн музыкалары. Саясат, көртирлик, көрдүйнө менен алыша бербей, бул керемет музыкаларды угуп турсаңыздар, жашоо таттуураак, керемет сезилээр...
"Азия Ньюс" гезити