Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан Мамытканов: “Чолпонбай чоң атамдын “Үч коо” күүсү музыка дүйнөсүнө салым кошуптур”

Улан Мамытканов: “Чолпонбай чоң атамдын “Үч коо” күүсү музыка дүйнөсүнө салым кошуптур”

07-май, 09:00
510 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Үч коо” комуз күүсүн дээрлик мен комузчу дегендин баары билсе керек. Аны күү чеберлери Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, Чалагыз Иманкуловдор Кыргыз радиосунун алтын коруна ойноп беришип, сакталып калган. Күү изилдөөчү Асан Кайбылда уулунун “Күү баяны” китебинде “Үч коо” аттуу комуз күүсүн дыкат чечмелеп, айтылуу Нурдөөлөт баатырдын жалгыз уулу Чолпонбайга далилдүү энчилегени, ошону менен катар дыкат чечмеленген жайы бар. Эки күн мурун Чолпонбайдын түзмө-түз небереси Улан Мамытканов мырзага жолугуп, “Үч коо” комуз күүсүнүн тарых-таржымалын айтып берүүнү сурандым. 

-- Улан мырза, чоң атаңыз Чолпонбай жөнүндө учкай кепти айтып берсеңиз, чын эле чоң комузчу, күүчү болуптурбу?

-- Чолпонбай чоң атам айтылуу Нурдөөлөт баатыр менен Бурулча чоң энемдин жалгыз уулу болгон. Чолпонбай чоң атам болжолу 1860-жылдары жарык дүйнөгө келиптир. 1930-жылдары чоң аталарым Чолпонбай жана уулу Мамыткан үй-бүлөсү менен толук сүргүнгө айдалышып, Украинада каза болушкан. Ал жактан Мамыткан уулу Шерипказы, Мамыткан кызы Гүлбайрам жана Талканбай кызы Канышайым (Мамыткандын байбичеси) үчөө эле кайтып келишиптир. Чоң атам комузду катуу чертип, күү чыгарып, ырдай билгени эл арасына кенен тараган экен. 

-- Сиз сүргүнгө айдалганга чейинкисин айтпай кеттиңиз...

-- Элибизге алымдуу, атак абройлуу Бурулча чоң энебиз жалгыз уулу Чолпонбайды 17 жашында “Аккан арыктан суу агат”, “Жакшы атадан жакшы уул чыгат” деп болуштукка шайлаптыр. Чоң атам Чолпонбай элине жагып, болжол менен 20 жылга жакын кызмат кылыптыр.

-- Эми “Үч коо” күүсүнүн таржымалын айтыңыз, эмне үчүн мындайча аталган?

-- Бул күүнүн чоо жайы, тагдыр башаты, чоң атабыз Нурдөөлөт баатыр жана анын байбичеси темир ооз комузчу Осмонбек кызы Бурулча энебизге такалат. Ысык-Көл районунун күнгөй тарабындагы Бает айылына кире бериштеги кокту, азыркы Нурдөөлөт баатыр менен Бурулча эненин эстелиги турган жер. Үч-кой суунун имерилишиндеги үч коо жөнүндө. Чолпонбай чоң атам болуш болуп турганда Чоң-Сары-Ой айылынын аржак-бержагына байма-бай каттап, комузун колуна алып, жаратылыштын ажайып белгиси болгон үч коонун кооздугуна суктанып, табият тартуулаган сулуулукту күүгө салган экен. Ошентип Чолпонбай чоң атамдын “Үч коо” күүсү өлкөбүздүн музыка дүйнөсүнө өз салымын кошуптур. 

-- Анан айтсаңыз, чоң атаңыз жалгыз эле “Үч коо” комуз күүсү менен чектелбесе керек?

-- Чоң атамдын күүлөрүнүн, анын ичинде “Камбаркан” деген күүсү бизге толук жетпей калган. Себеби, каргашалуу 1930-жылдары кулакка Украинага тартылган. Бул окуя жөнүндө комуз күүлөрүн изилдеген белгилүү Асан Кайбылда уулунун “Күү баяны” китебинде “Кыргызстандан Украинага айдалып баргандар өзүнчө бир айылда турушкан. Ошондо Ысык-Көлдөн баргандардын ичинде албан комузчу Чолпонбайды Чопо дешип, кыргыз эли өнөрүн барктап, сый урматта болушкан” дейт. 

Бишкек шаарынан 83 жаштагы Эсен Балкыбек уулу аксакалыбыздын “кийин билдим, бул айтылуу Бурулча эненин уулу Чолпонбай экенин” деген да жери бар.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер