Акыркы кабарлар
» Саясат » ИИМ депутат Данияр Төлөновдун соттолгонун ачыктайбы? Коомчулук күтүп атат
ИИМ депутат Данияр Төлөновдун соттолгонун ачыктайбы? Коомчулук күтүп атат
14-апрель, 18:53


Соттолгон жарандар депутат боло албасы боюнча мыйзам бар. Тилекке каршы, азыркы парламенттин курамында көз жазгырып, мандат алгандар барбы? ИИМ байкабай калганбы? Эмесе, эске салып, суроо жолдойлу.
Депутат Данияр Төлөнов жаш чагында контрабанда менен шугулданып, Өзбекстандан кармалып, эки жыл түрмөгө отуруп чыкканбы? Бул боюнча ЖМКларга чет-бучкагы кылайган эле го? Эмне үчүн азыркыга чейин чечим кабыл алынбай келет? Адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн ИИМ Данияр Төлөновдун соттолгонун ачыктайбы? Коомчулук күтүп атат. Баарына тегиз карайлы да.
Кыскасы, мындай кыңыр ишке чекит коюлбаса, ырбай берери шексиз. Бийликтин беделине сөз тийип калбайбы?..











