Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун колунан эч нерсе келбей калды

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун колунан эч нерсе келбей калды

06-август, 12:00
968 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мэр Эмилбек Абдыкадыровдун иштей албасы ачык байкалды. Шаардыктардын да көзү жетти. Элибиз көп нерсени үмүт кылган эмес. Инвестиция тарта албасын, туризмге салым кошуу колунан келбей турганын баары билишет. Болгону Бишкекти таза сактап, акыр-чикирлерди убагында тазалатып берсе, жолдорду оңдосо, суу, жарык өчүрүлбөсө, мына ушул сыяктуу күнүмдүк муктаждыктарды гана тейлеп бербейт беле? Тилекке каршы, таштандылар тазаланбай калды. Сасып, курттап, чириген чагы. Шаардын көркүн ачкан бак-дарактар куурап атат. Өзгөчө жаңы конуштарда көйгөйлөр арбын. Социалдык суроолор ачык бойдон турат. Алгач Эмилбек Абдыкадыров кызматка келгенде миңден ашуун объектилерди, павильон, комокторду алдырган, бул жагы өзүнчө шек жаратып, каралбай калды. Гектарлаган канча жерлерди алган? “Соодалашуу” кандай жүрүп жатканы белгисиз. Айтор, борбор шаарыбызды башаламан кылып салды. Калың калк кыжырданууда. Ачык каршылык көрсөтүшпөсө да ичтеринен кайнап жатышкандай. Аягы жакшы бүтпөйт окшойт. Бийликтин рейтингин түшүрүүгө тескери салымын кошуп аткан чагы. Көзөмөлдөн сырт кеттиби? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер