Акыркы кабарлар
» Саясат » Акылбек Жапаров: “ККМди коюуну убактылуу токтотуп турабыз”
Акылбек Жапаров: “ККМди коюуну убактылуу токтотуп турабыз”
13-июнь, 16:28

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 13-июнда өкмөт үйүнүн алдына көзөмөл-кассалык аппаратына (ККМ) каршы нааразылык акцияга чыккан соодагерлер менен жолукту.
Дүкөн иштеткендер ККМ жана эсеп-фактуранын киргизилишине каршы экенин айтып, патент системасы калсын деген талаптарын коюшту. Бишкектен жана өлкөнүн башка аймактарынан келген соодагерлер ККМ колдонбогондорго айып салынып жатканын айтып арызданышты.
Акылбек Жапаров митингге чыккандардын арасынан он чакты өкүлдү кошуп алып, маселени чечүүнүн жолун караштырып чыгарын айтты. Ал ККМ менен эсеп-фактура чоң ишканалар үчүн жокко чыгарылбай турганын кошумчалады.
“Мен эсеп-фактураны өндүрүүчүлөрдөн сурап атам. Эгерде арак завод 12 машина арак чыгарып, мага бир фураныкын көрсөтүп койсо, мен эмне кылам? Мага силер жардам бергиле. Азыр “Кока-Коласын” да, “Шоросун” да иреттейбиз. Эсеп-фактура ошолордо. Товар таза, туура экенин ошолор далилдеп бериши керек. Эсеп-фактура өзүнчө – бул байлардыкы. Арак, тамеки, дары-дармек, нефти саткандар ККМди да, эсеп-фактураны да колдонот. Ал эми тамак-аш, ун, шекер саткандарды ККМден керек болсо бошотуп койгонго да даярмын. Мага он кишини бергиле. Биз иштейли. Ага чейин ККМди коюуну, айып пулду салууну да токтото турабыз. Анан ар бир аймакка карата патенттин баасын карап чыгабыз” деди Жапаров.