Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Күйөөмдү азгырган жеңил-желпи айымга эки дүйнөлүк азап каалайм!
Күйөөмдү азгырган жеңил-желпи айымга эки дүйнөлүк азап каалайм!
26-июнь, 08:00
724 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Күйөөм азыр 28 жашта. Ортобузда үч балабыз бар. Айымдарга кайрылып кетээр элем: эркектер үйдөн эки кадам аттагандан кийин бойдок, ажырашкан болуп, кыз жандап, үй-бүлөсүн чанып калышат. Азыркы кыздар эмнеге мындай үй-бүлөлүү адамдарга чап жабышасыңар? Жигит сүйлөсө эле желерибей олуттуу болгула, кыздар!
Жакында бир жагымсыз окуяга туш болдум. Жапжаш эле кыздар уялбай төшүңөрдү сүрөткө тартып жибербей эле койгулачы. Мындай кадамга кантип намысыңар жол берип жатат түшүнбөйм... Наристелердин убалынан корккула. Ал эми күйөөмдү азгырган жеңил-желпи айымга эки дүйнөлүк азап каалайм!
Анара
"Азия Ньюс" гезити