Акыркы кабарлар
» Коом » Зардалыга интернет жетти
Зардалыга интернет жетти
15-август, 11:51
299 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Баткен облусундагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылы интернетке туташтырылды. Бул тууралуу "Кыргыз Интернет Коому" уюму кабарлады. Анда бул иш ЮНИСЕФ уюмунун долбоорунун алкагында ишке ашканы айтылат.
"Зардалыда "Кыргыз Интернет коому" алгач күн панелин орнотуп, ал айылдын чакан мектебин электр жарыгы менен да камсыз кылып жатат. Бул окуучулардын райондук же шаардык мектептер, мекемелер менен байланышта болуп, сапаттуу, заманбап билим алуусуна өбөлгө түзөт. Андан сырткары, бүт айылды, керек болсо кошуна айылдарга чейин электр жарыгы менен камсыз кыла алат. Ошондой эле түрдүү кырдаалда райондук борбор менен түз байланышта боло алышат",-деп жазылган маалыматта.
2020-жылы "Ошэлектр" ишканасы Зардалы электр энергиясы менен камсыз болорун билдирген. Анда 10кВ жогорку чыңалуудагы узундугу 10 чакырым зым тартылары айтылган.
Бөлүшүү: