Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аксыдагы сел ташкынынан каза болгондор такталды, көпчүлүгү бөбөктөр...

Аксыдагы сел ташкынынан каза болгондор такталды, көпчүлүгү бөбөктөр...

13-июль, 18:15
1 708 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

12-июлда Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында сел жүрүп, 8 адамды агызып кеткен. Анын алтоо табылып, 3 жашар наристе менен 5 жашар бала дайынсыз болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан сел ташкынынын курмандыгы болгондордун жана дайынсыз болуп жаткан балдардын аты-жөнүн жарыялады. Алар:

1958-жылы туулган Б.Ж.К.;

1981-жылы туулган Ш.Б.Т.;

2009-жылы туулган Ш.А.А.;

2014-жылы туулган Ш.А.А.;

2005-жылы туулган Т.П.Н.;

2009-жылы туулган О.Н.О.;

Ал эми 2018-жылы туулган Т.Ф.Н. жана 2016-жылы туулган К.А. дайынсыз болууда.

Эске салсак, кечээ, 12-июлда Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында сел жүрүп, ӨКМнын берген маалыматы боюнча, 7 адам каза болуп, алардын алтоонун сөөгү табылгандыгын билдирген

Бүгүн, 13-июлда ӨКМнын маалымат кызматынан жалпы 8 адамды сел агызып кеткенин, анын ичинен 6 адам табылганын билдиришти.

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетине Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы селдин кесепетин кыска убакыт аралыгында жоюу боюнча тапшырма берип, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер