Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Журналисттерди бетке чаап, оозун басабыз” деп ойлобойлу”

Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Журналисттерди бетке чаап, оозун басабыз” деп ойлобойлу”

15-июнь, 17:22
2 020 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мирлан мырза, азыр коомчулукта эркин журналист Ыдырыс Исаковдун сабалышы өтө чоң нааразылыкты жаратууда. Сиз бул окуяга кандай баа бересиз?

-- Кеп Ыдырыс Исаковдо эмес, кеп ички маданиятта. Бүгүн биздин коомдун, ошол эле жарандардын агрессиялык мамилеси – бул өтө коркунучтуу нерсе болуп баратат. Байлыкка, бийликке марып калгандыктан ушундай болуп атабы, муну психологдор менен сүйлөшүш керек. Ал эми жанагы окуяга келсек, эл Ыдырысты журналист катары билет. Журналистке кол көтөрүлбөшү керек. Жөнөкөй адам барып сураса деле кол салганга болбойт. Жөн эле маалымат берип, анчалык агрессия көрсөтпөй эле койсо болмок. Журналист – бул коомдун агы менен карасын, апаны менен сапанын, ыры-менен пырын чогуу   алып чыгып аткан кесип ээлери. Аларды “бетке чаап, оозун басабыз” деп ойлобош керек. Кыргыздын байыркы тарыхында дагы эч качан сөз эркиндигине кысым болгон эмес. Ошондуктан, мен бул нерсени өтө одоно иш деп айткым келет.

-- “Азыр өзүн блогер атагандардын көбүнүн маданияты жок, этиканы сакташпайт” деген да пикирлер айтылууда. Сиз бул пикирге кошуласызбы?

-- Чыныгы журналистканын этикасын сактабай, ашынып кеткендер да бар. Жалданма блогерлер да жок эмес. Журналист теманын күнгөйү менен тескейин бирдей чагылдырышы керек. Эки жактын пикирин бирдей берүүгө милдеттүү. Бизде болсо кээде бир тараптуу болуп кетип атпайбы. Бирок бул “аларды сабаш керек” дегенди билдирбейт. Биз мыйзамдуу мамлекетте жашап аткандан кийин мыйзамдуу түрдө баа бирилүүгө тийиш. Басма сөз жөнүндө мыйзам бар да, ошол мыйзамга жооп бербейби, кимдир бирөөнү бир тараптуу каралайбы, анда мыйзам алдында жооп бериши керек. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер