Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Максатбек Сарбагышев, ЖК депутаты: “Министр Бейшеналиевдин ишин жамандоодон алысмын”

Максатбек Сарбагышев, ЖК депутаты: “Министр Бейшеналиевдин ишин жамандоодон алысмын”

22-январь, 09:00
349 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Максатбек мырза, социалдык комитеттин жыйынында КММАнын стоматологиялык клиникасында көз жумган 3 жашар кыз боюнча маалымат укпадыңыздарбы. Комиссия ишин жыйынтыктаптырбы?

-- Бир айдан бери иликтөө иштери жүрүп жатканын айтышты. Мен ошол жерден дарыны сунуштаган врачка кандай чара көрүлгөнүн сурадым. Себеби, анестезиолог укол сайганга чейин врач “мобу дарыны сай” деп назначение кылат да. Ошон үчүн мен “эмне үчүн дарыны сунуштаган врач жоопко тартылбайт, анын да ишин карадыңарбы?” деген суроону бердим. 

-- Кийинки кездерде бейтаптар төрөт, дарылоо учурларында көз жумуп атышпайбы. Мындай кырсыктардын алдын алыш үчүн сиздин оюңузча кандай чаралар керек?

-- Жеке эмканаларда кандай адистер отурат, ошолору текшерүүгө алыш керекпи дейм. Себеби, алар койгон диагноздун, алар сунуштаган дарылардын негизинде дарылоо жүрөт да. Анан бизге келип жаткан дарылардын сапатын да кылдат текшерүү зарыл. Мурда бир дарыны колдонуп жүргөн болсоң, азыр алардын көп алмаштыргычтары, аналогдору пайда болгон. Курамында эмне бар, организмге кандай таасир этет? Ошон үчүн жаңы лабораторияларды ачышабы, айтор, катуу көзөмөл керек. 

-- Бүгүн кээ бир кесиптештериңиз “тармакта абал жакшы эмес” деп саламаттыкты сактоо министрин сынга алышты. Сиз министрдин ишин кандай баалайсыз?

-- Мен деле кээде сын-пикир айткан учурларым болот. Бирок, ошентсе деле министр Бейшеналиевдин ишин такыр эле жаман дештен алысмын. Анткени, сүйлөп, сындап коюш бир башка, ал эми республикалык масштабда иш жүргүзүү оңой эмес. Албетте, жетишпестиктер бар, аны айтпай койгондо да болбойт. Бирок, оңдойт, түздөйт деген үмүттөбүз.  

 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер