Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мураталиевдин “капчыгынын” соту болот

Мураталиевдин “капчыгынын” соту болот

29-апрель, 12:00
453 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушул күздө УКМК Чыңгыз ордо тарыхый-маданий комплекси объектисинин иштерин текшере келгенде жасалчу жумуштар дээрлик 6 миллион 190 миң сомго ашыкча бааланганы аныкталып, экс-губернатор, азыркы депутат Марат Мураталиевдин “капчыгы” атка конгон Улан Нуралиев камакка алынган. Аны менен кошо "Чыңгыз ордо"  комплексин куруп жаткан "Бийиктик Инвест" ЖЧК подряддык уюмунун директору да колго түшкөн. Бирок, бир жумадан кийин ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Ошондон бери Марат Мураталиев, “капчыгын” сот жообунан куткарып калуунун  аракетин көрүүдө. Антпесе, эртең күч келсе Улан Нуралиев бир кездеги “табакташы” Марат Мураталиевди өзү менен кошо сүйрөп кетпейт деген кепилдик жок. Муну Мураталиев абдан жакшы түшүнүп, түн иичинде Улан Нуралиевге барып 2000 доллар берип, “сотко берип, эптеп аман-эсен чык. Мени айта көрбө” деп жалдыраган экен. Эми баардыгы ишти карап жаткан Кара-Буура районунун соту Тахмина Тажибаеванын   абийирине  байланыштуу болот. Эмнеси болсо да жеп-ичкичтер жегенин ордуна төлөп берип, экинчи мамлекеттик ишке жолобосо, ошол  элдин жеңиши болот. Кутулуп кетсе, анда сотторго болгон ишеним биротоло өлөт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер