Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түркияда катуу чектөөлөр 29-апрелде башталат

Түркияда катуу чектөөлөр 29-апрелде башталат

27-апрель, 12:04
524 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түркияда коронавирус илдетинин тез жайылышына байланыштуу 29-апрелден 17-майга чейин локдаун жарыяланды.

26-апрелде президент Режеп Тайып Эрдоган басма сөз жыйынында коронавируска байланышкан чектөөлөр күчөтүлүп, бул ирет толук локдаун киргизилгенин кабарлады.

“Орозо айынан кийин кадыресе жашоого кайтып келүү үчүн коронавирустун жаңы жуккан учурларын суткасына 5 миңге түшүрүшүбүз керек. Болбосо, туристтик ишмердүүлүккө кайтып келе албайбыз. 29-апрелде саат 19:00дөн баштап 17-май, таңкы 5:00гө чейин толук локдаун киргизилет” деди Эрдоган.

Кабыл алынган чечимге ылайык, бейшембиден баштап 18 күн бою азык-түлүк дүкөндөрүнөн башка бардык мекеме жана соода борборлору жабык болот. Ал эми аймактар арасында каттоо ички иштер министрлигинин атайын уруксаты менен жүрөт. Бирок бул локдаундун эл аралык аба каттамдарына тийешеси жок экени кабарланды.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер