Атамбаев бир да кылмыш ишин моюнга албай, үй камагына чыгуудан баш тартыптыр
Абактагы Алмазбек Атамбаев үй камагына чыгуудан баш тартып, “мени актагыла” деп көшөрүп жатыптыр. Кой-Таш окуясы боюнча сотко да келбей, андан башка кылмыш иштерине да каршылык көрсөтүп, “мага бири да жукпайт” деп моюн толгогонун уктук. Түрмө Атамбаевди катуу чыйралтып, духу огобетер көтөрүлүп, капастагы ач карышкырдай эле образ жаратканы таңгалдырды. Кыязы, душмандары менен катуу күрөшүп, калайманды салчудай. Эл арасында да экс-президенттин рейтинги көтөрүлүп, боору ооругандар арбыганын эскерте кетели. Ток этерине келсек, бийлик кошоматчылары жогору жакка калпыс маалыматтарды жеткиришпей, реалдуулукка басым жасашы зарыл. Жараны тырмап, андан ары ириңдете бербей, Атамбаевдин маселесин компромисске баруу менен тынчтык жолунда чечип алышса, баардык тараптарга пайдалуу болмок. Ашыкча баш оорутуу, туруктуулукка шек келтирүү кимге керек?
"Азия Ньюс" гезити