Талантбек Батыралиев: “Эгер министр буйрук чыгарган болсо, ал аткарылышы зарыл”

-- Талантбек мырза, COVID-19, анын ичинде азыркы “омикрондун” Кыргызстанда жайылышы, коркунучу тууралуу кыскача ой толгооңуз?..
-- COVID дале орчундуу маселе бойдон турат. “Омикрондун” же башка штаммдардын тестирлөө саны аябай аз болгондуктан, ошол эле учурда вируска капташкан кээ бир адамдардын доктурга кайрылбаган себебинен коронавирус илдетинин көрсөткүчү азайганы байкалгансыйт. Анткен менен аты жаман илдеттен кайтыш болгон адамдардын саны кыскарган жок. Биз эч качан COVIDге каршы күрөштү токтотпошубуз керек. “Азайып калды” деп өзүбүздү бошоңдотуп коюунун кажети жок. Кээ бир чет мамлекеттер кандайдыр бир туура эмес чечим кабыл алышып, “вируска каршы вакциналарды албайбыз, ковид режиминен чыгабыз” дегендер биздин өлкөгө үлгү эмес. Эмдөөдөн өтүүгө биздин жарандардын активдүү катышышын суранат элем.
-- Саламаттык сактоо министрлигиндеги реформа боюнча эмне айтат элеңиз?
-- “Реформа, реорганизация” дегенден эл тажап деле калды. Бирок, саламаттык сактоо министри – президенттин, Жогорку Кеңештин шайлаган, ишеним көрсөткөн адамы. Анын жасап жаткан иштери толугу менен бийликтин жогорку бутагына маалым жана кабардар чыгар. Бул жагынан мен да таанышмын. Акыркы учурда жаралган ыңгайсыз окуялар коомдо терс пикирлерди жаратууда. Айрыкча травматологиялык борбор боюнча кандайдыр бир өзгөртүүлөрдүн мандаты министрде экенин баарыбыз түшүнүп, билебиз. Эгер министр буйрук чыгарган болсо, ал аткарылышы керек. Макул эмес, же анын каталыгын көрсө, жөн гана укуктук талаада маселени чечип алуу кажет. Ошол эле учурда элди эки тарапка бөлүп, министр менен академиктин ортосуна от жаккан тараптар тез аранын ичинде эстерине келсин! Биз мыйзамдуу өлкөдө жашап атабыз. Бул жагдай боюнча атайын комиссия коомчулукка так маалыматты бериши керек.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити