Рамазан Дырылдаев, укук коргоочу: “Өлүм жазасын киргизүүнү чоң катачылык катары эсептейм”


-- Өтө оор кылмыштарга өлүм жазасын киргизүү бийлик тарабынан каңкууланууда. Ак-караны ажыратууга сот, прокурорлорубуз даярбы? Ансыз да укук коргоо органдарынын алешемдигинен арылбай аткан чакта, катаал жаза менен күнөөсүздөр мерт болуп кетпейби?
-- Өлүм жазасын киргизүүнү чоң катачылык катары эсептейм. Учурунда өлүм жазасын эл аралык эксперттерди чакырып, канчалаган семинарларды өткөрүп, араң алдырганбыз. Себеби, соттор адилеттүү чечим чыгарары күмөн. Кимдир бирөөнүн кылмышы үчүн башкалар өлүм жазасына тартылып кетиши ыктымал. Бул биринчиси. Экинчиси, өлүм жазасы авторитардык мамлекеттерде гана болот. Үчүнчүсү, бийликти сындап же катачылыгын айтып койгондор дагы болбогон шылтоо менен өлүм жазасына тартыла бериши мүмкүн. Ошон үчүн опурталдуу нерседен алыс болгонубуз оң. Эң башкысы, өлүм жазасын кабыл алып, мамлекет ашкере катачылыкка жол бербеши керек.
"Азия Ньюс" гезити











